Кара-Коюн жайлоосу Бакай-Ата айыл аймагынан 35 километр алыстыкта, бул жайлоо Шадыкан жана Бакай-Ата айыл өкмөттөрүнө караштуу. Кышы-жайы, жайлоодо 30га чукул үй-булө жашап, мал багуу менен алектенишет. Бул жайлоодо жалпысынан 245 гектар айдоо аянты бар. Жерлер элге үлүш болуп бөлүнгөн.
19 май күнү Бакай-Ата районунун акими Чолпон Асылбекович жана тиешелүү мекеме жетекчилери Кара-Коюн жайлоосуна тургундар менен жыйын өткөрдү. Жыйында жалпысынан 50 жакын малчылар, фермерлер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө жайлоо жашоочулары көйгөйлүү маселелердин бири деп байланыш жоктугун белгилеп кетишкен, ошондой эле жолду атайын техника менен туздөп берүүсүн өтүнүштү.
“Бул жерге 2 жыл мурун ФАП курулган, бирок дайыма иштеген кызматкер жок. Ошого айылдан бир фельдшер жана ветеренар доктуру келип 10 күндө бир текшерип кетишет. Жана жайкы убакытта 2 айга жайлоодогу балдар үчүн атайын бала-бакча ачылат”, — деп билдирди Айжамал Эсенбековна Бакай-Ата районунун акиминин орун басары.
Мындай жыйындар эми ай сайын болуп, жергиликтүу жайшоочулардын маселелерине көңүл бурууларына район башчысы убада берип кетти.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова