Мектеп 1981-жылы ишке киргизилген. Биздин мектеп райондогу эң кооз мектептердин бири. Анткени анын тегерегин бак дарактар жана гүлзарлар курчап турат. 2013-жылы мектебибиз райондун мектептеринин арасындагы сынакта 1-оорунду ээлеп 5 миң сомдук сыйлыкка ээ болгон.
Окуучулар, мугалимдер мектептин айланасын ар кандай бак дарактар жана гүлзарлар менен курчап, зор эмгек аткарышты.
Окуучулар мектептин айланасында эс алганды, ойногонду жакшы көрүшөт. Мектептин спорт аянтчасы да айыл тургундарынын, окуучулардын сүйүктүү жери.
Бак дарактар абдан көп, кечкисин мектепти айланып эс алганды, ойногонду айылдын тургундары абдан жактырышат. Быйыл дагы мектептин окуучулары, мугалимдери жана кызматкерлери окуу жайдын айланасын жашылдандырып, бир топ көчөттөрдү отургузушту.
Биздин мектеп айылдын көркүн ачкан жайларынын бири. Ошондуктан тургундар, мугалимдер, окуучулар мектепке көп көңүл бурушат, баркташат жана сыймыктанышат.
Айылыбызда башка чон имарат жок, ошондуктан айылдын баардык иш чаралары мектепте өтөт. Мисалы: Нооруз майрамы, Балаты майрамы, Ыр кесе.
Ак кептер мультимедиа борборунун атынан мектептин мугалимдерине, окуучуларына зор ийгиликтерди каалайбыз. Мектебибиз өсүп, өркүндөй берсин.
Даярдаган: Медина Сатыбекова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка