Коомдо тамекинин зыянын ар бир киши билет. Бирок ошого карабастан тамеки чеккендер көп. Тамекинин зыяндуулугу жөнүндө кененирээк маалыматты айылдын фельдшери Венера Турсуналиевадан алсак.
«Тамекинин зыяны: ар бир адам тамеки чеккенде өпкөсү ышталып, акырындап барып өпкө рагына айланат. Тиштери түшөт, боюнда бар аялдардын балдары начар төрөлөт, боюнан түшө берет», — деп токтолду Турсуналиева.
Кара-Суу айылындагы дүкөндөрдө тамекинин кандай түрлөрү сатылаарына кызыгып көрдүк. Дүкөнчүнүн айтымында, тамекинин жети түрү бар.
«Айылдын тургундары эн көп тарткан тамеки West, эмнеге экенин билбейм тартып көрбөгөндөн кийин. Эң арзаны фильтр полёт, аны анча-мынча эле кишилер тартат», — деди дүкөнчү.
Айыл тургундарынын тамеки чегүүсү боюнча суроо узатканда ар түрдүү пикирлерди алдык.
Бири тамеки чеккенине он жыл болуп калды, зыянын билип эле чегип жүрөм, таштаганга аракет кылып жатам десе, дагы бири атасы күндө бир куту тамекини чегээрин, бир жылда 30 миңдей акча тамекиге кетээрин эсептеп берди.
Даярдагандар: Гульзада Бейшенбекова, Султанаалы Чакчагаев
Сынак үчүн