Кара-Талаа айылынын тургуну Жээнтаев Ишенбай өз үйүнө чакан тоок ферма ачты.

Буга чейин айылда тоок фермасы болгон эмес.Тоок фермада жумуртка өндүрүлөт. «Ачылыш максаты элге азык-түлүк болсун деп жана үй-бүлөбүзгө кошумча киреше катары пайдалануу үчүн ачтык», дейт Ишенбай Жээнтаев:

«Ушул 2016-жылдын11-мартынын баштап тоок өстүрө баштадык. Негизинен 200 тоок бар. «Улар» тоок фермасынын алып келдик. Пародасы ак тоок,чоң жумуртка тууй турган карол пародасындагы тоок. Күнүнө 175 тей жумуртка алабыз. Жумуртканы айыл ичине саталы дегенбиз. Ушул убакта айылдагы тооктор да тууп жаткандыктан, элдин керектөөсү муктаждыкка анча камсыз кыла албайт экен. Ошондуктан Балыкчы шаарына сатабыз. Негизинен 5-6 сомдон сатуудабыз. Ал эми жемин биз даярдабайбыз. Биз иштешкен «Улар» фермасы натурал-агро деген системада иштейт экен. Ошолордун жем даярдаган агенттери бар, ошолордон алабыз. Чындыгында жеми кымбатыраак. Кирешеси болсо такыр жок деп айтууга мүмкүн эмес. Тоок өстүрүү жана жумуртка алуу оор бизнестердин катарына кирет экен. Дайыма карап көңүл бөлүп турбаса болбойт. Келечекте санын көбөйтүш керек».
Айыл тургуну Чынгыз Алаков кабарчыбызга тоок ферманын ачылышы тууралуу көз карашын мындайча билдирди:
«Жумуртканын сапаты мыкты. Көрүп-билип алабыз, бул тоок ферманын ачылышына көз карашыбыз жакшы. Айылыбызда ушундай тоок,уй фермалары көбөйө берсин. Бюджетке да пайда түшөт».

Келечекте тоок ферманы өстүрүү жана тооктордун санын көбөйтүү пландаштырылууда.
Даярдагандар: Акжол Ишенбай уулу
Үмүтай Аттокурова