13-апрель күнү Кара-Талаа айылында мектеп окуучуларынын ошондой эле мугалимдердин катышуусунда 1 саатка созулган куурчак театрынын көргөзмөзү болуп өттү.
Куурчак театрынын топ башчысы Абдрахманов Нурлан оюн-зоок тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду;
«Театр Эрк» бул биздин жеке театр болгондуктан кичине балдарга жана чоң кишилерге жакшы маанай тартуулоого арналган спектаклдерибиз да бар. Ошолордун ичинен «Тентек көмөч» аттуу кичинекей балдарга арналган спектакль коюлду. Бул спектакльдин максаты мектеп окуучулары ар кандай жаман иштерге азгырылып, тааныбаган адамдар менен маек куруп кетип жатканынан улам тарбия беруу максатында коюлууда. Оюн-зоокту балдарга бекер коюп бердик, себеби өзүм ушул айылдын кулуну болом. Мени менен бирге «Театр Эрктин» актер, актрисалары келишти.Биз Бишкектен бери келип, атайын 3 күндөн бери Тоң районун кыдырып өзүбүздүн оюн-зоокторубузду тартуулап жүрөбүз . Ушуну менен эле токтолуп калбай аз кундө көптөгөн айылдарды кыдырып, спектаклдарыбызды коюп кайтабыз. Бул спектакль балдарга жакты жана ошондой эле аз да болсо көңүлдөрүн көтөрдүк деген ойдомун.»
Тарбиялык мааниси бар куурчак театры балдарга дагы көбүрөөк чыгармаларын тартуулап турса демекчибиз.
Даярдагандар: Аттокурова Үмүтай, Адикова Айгерим