Биринчи жолу «Жер күнү», 1970-жылдын 22-апрелде АКШда белгиленген. Салтка ылайык бул күнү каалаган адамдар көчөлөрдү тазалап,бак отургузушкан. Майрам тууралуу чечим 2009-жылдын 22-апрелинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 63-сессиясында кабыл алынган. 2010-жылдан тартып жыл сайын 22-апрелде «Жер-Эне» күнү деп белгиленип келе жатат.
Биз сырттын элибиз,
Бийик тону тандайбыз!- деп ырдагандай Барскоон айыл аймагына караштуу Сырт-Караколка өрөөнүндө Эл аралык «Жер-Эне» күнүнө арналган иш чара, Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылышты коргоо фондунун жана Сарычат-Эрташ коругунун жетекчилеринин колдоосунун негизинде болуп өттү.
Жолдун катаалдыгына карабастан иш чара Барскоон айыл аймагынан 4028 км бийиктикте болуп өттү. Бул иш чарада жаратылышты кандай коргоо керек экенин, кийинки муундарга таза сактап өткөрүп берүү жөнүндө чакан концерттик программада өткөрүлдү. Иш чара жер туралуу ценка, көркөм окуу, бий жана чакан концерт менен коштолду.
Болуп өткөн иш чара тууралуу Караколка айыл башчысы Урал Жамангулов:
Алыскы Сырт-Караколка өрөөнүнө кичинекей болсо да Жер Эненин кандай экенин элге тааныштырып,Жер -Эне ыйык,Эл эмгегин жер жебейт дегендей жерди сыйлап, табигатты, жаратылышты коргоо керектигин, кийинки муундарга аз да болсо ценарийдин жардамы менен түшүндүрүп кеттик десем жаӊылышпайм, — деп оз оюун билдирди.
WWF сырт өрөөнүнө кандай жардамдарды бергендиги жана жакынкы арада бериле турган жардамдарын “Караколка-уздары” коомдук уюумунун жетекчи Тотугүл Асылбекова буларды айтып берди.
Биз бүгүн “Жер-Эне” күнүнө арналган чакан иш чараны, жолдун катаалдыгына карабастан Сырт өрөөнүнө келип өткөздүк. Өзүӊүздөр көргөндөй бул жер абдан суук, ар дайым шамаал болуп турат. Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылышты коргоо фонду менен иш алып барып жатабыз ж.о.э. Сарычат-Эрташ коругу да бизге көп демөөрчү болуп көп иштерге жардам берип келе жатат. Ушул кичинекей айылдын өнүгүп өсүүсүнө да чоӊ салымын кошту. Мисалы кыла кетсем: Сырт өрөөнүнө конок үйүн жана чакан мончоо салып беришти, жаштар борборуна заманбап жабдууларын алып беришти. Мындан тышкары WWFтин координатору Фарида Балбаева элдердин иштетилбек калган сырёлорун иштетүү үчүн чакан жүн тыткан машина жана кийиз жасоочу станокту демөөрчү болуп алып берип жатат.
Иш чаранын аягында WWFтин координатору жана Эрташ-Сарычат коругунун жетекчиси Караколка тургундарын майрамдары менен куттуктап, күндүн суугуна, жолдун татаалдыгына карабастан сыртка келип иш чара өткөргөндүктөрү үчүн тереӊ раазычылыгын билдирип ала келген белектерин тургундарга тапшырышты. Бул иш чара ушуну менен эле токтоп калбастан 22-майда Акшыйрак айыл өкмөтүндө, үч айыл өкмөттүн ортосунда ат салышаарын баса белгилеп өтүштү.
Биз Караколка тургундарынын 22-майдагы айыл өкмөттөр арасындагы таймаштан жеӊип чыгышына тилектешпиз демекчибиз.
Жаралгандан жандарга
Койнуӊ ачкан Жер эне
Адам, айбан дебестен
Мээрим чачкан Жер эне
Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева.