Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагында кайрымдуулук иш-чара болуп өттү. Бул айыл аймакка Токтоян,Тогузбай жана Тасма айылы кирет. Мынчалык чоң масштабдагы кайрымдуулук иш Ысык-Көл облусунда анын ичинде Карасаев айыл аймагында биринчи жолу болуп өттү.
Бул иш-чаранын болушуна Токтоян айылынын тургуну жана «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундунов агабыздын эмгеги чоң. Айта кеткендей бүгүнкү кайрымдуулук ишти «Боорукер бол» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Катар өлкөсүнүн кайрымдуулук фонду уюштуруп берди. Бул иш-чарада үч айылдын, тагыраак айтканда Токтоян, Тогузбай, Тасма айылындагы ата-энесиз балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жарды жашаган жана майып тургундарга жылуу кийим-кечектер жана атайын пледдер тапшырылды.
«Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси ушул сыяктуу иш-чаралар мындан ары да токтобостон, уланаары тууралуу төмөндөгүчө айтты.
«Бүгүнкү кайрымдуулук иш-чарга үч айылдан келген тургундар катышты. Анын ичинде мектеп жашындагы балдарга кышкы кийимдер толугу менен жана пледдер берилди. Бул нерсе Катар өлкөсүнүн атайын кайрамдуулук фондунун жардамы менен уюшулду. Жана биздин фонд алар менен алдыда беш жылдык контракт түздүк. Буйруса, ушул сыяктуу иш-чаралар мындан ары да токтобостон улантылат. Жеке эле Түп району эмес, башка дагы район, облустарга жардам берүү тууралуу пландарыбыз бар»,-деп өз сөзүндө Тыныбек Зундунов.
Карасаев айыл аймагынан жалпысынан, бул кайрамдуулук белектерди алуу үчүн эки жүз алтымыш адам каралып, алардын алтымышы мектеп окуучулары.
Окуучулардын арасында Коёнкозов мектебинин 11-классынын окуучусу Адеми өз ою менен бөлүшө кетти.
«Бул иш-чаранын болушу менен көптөгөн тургундардын көңүлү бираз да болсо көтөрүлүп калды. Мен ушул кайрымдуулук иш-чараны уюштурган адамдарга терең ыраазычылыгымды билдирем»,-деп мектеп окуучусу.
Атайын түзүлгөн комиссиянын жардамы менен тургундар өз кезеги менен тизме боюнча тапшырылган белектерди алып, ыраазы болуу менен үйлөрүнө кайтышты.
Даярдагандар: Мундукова Адилия, Максат кызы Нуриса