COVID-19 пандемиясы башталгандан тартып эле жаш балдарга жана орто муундан жогору карай адамдарга аябай көзөмөл жүрүп келе жатат. Себеби, булардын организиминде иммунитет төмөн болгондуктан, оор курч вирустук ооруларды жеңип кете алышпайт деп айтыла баштаган.
Медициналык кызматкерлердин байкоосунда 50 жаштан жогору адамдар көбүнчө артериалык гипертонияга жана кант диабетине көп чалдыгышат экен.
Мунун себеби эмнеде? Бул суроого Оттук ФАПтын медайымы төмөндөгүдөй жооп берди:
Медайым Назгүл Эгембаева
“Анын себеби биринчиден, туура эмес тамактануу, экинчиден кыймылдын аздыгы жана ашыкча салмак. Адамдар көп убакытты телефон менен өткөрүп жатышат. Бир-эки саат телефондон алыстап, көп басып, атайын физзарядкаларды жасап турушса кан айлануу жакшырып турат. Ал эми үчүнчүдөн климат да себеп болот алат. Мисалы, биздин аймак тоолу болгондуктан артериалык гипертонияга чалдыккандар көп. Бизде азыркы убакта ушул ооруу менен 39 айыл тургундары учетто турат. Булардын баары 65 жаштан жогорулар.
Биз тараптан дайыма туура тамактануу, дары-дармектерди туура ичүү, режимдерди туура сактоо боюнча да атайын сабактар даярдалып өтүлүп турат. Айыл тургундарына вакцина алуу боюнча да түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Вакцинанын карыган адамдарга пайдасы өтө чоң. Анткени кандайдыр бир себептерден вирусту жуктуруп алган болсо, вакцина алган адамдар ооруну жеңил өткөрүшөт”.
Бейтаптарга байкоо жүргүзүү
Оттук айылынын тургуну Айна жана Эсенгелди Кадыровдор:
“Менин жашым 73тө, абышкам болсо 76да. Жаш өткөн сайын алы-күчүң кетип, иммунитет төмөндөп, гемоглобин азайып, кан тамырлар ичкерет экен. Анан көп ооруларга чалдыга баштайт экенсиң. Мына биз азыр абышкам экөөбүз тең артериалык гипертония менен айылдагы ооруканада учетто турабыз. Бизге медициналык кызматкерлер үй кыдырып келип, кан басымды ченеп турушат. Айрым учурларда өзүбүз басып барып ченетип турабыз.
Карыган сайын кан басым деле бир калыпта болбойт экен. Бирде төмөндөйт, бирде жогорулайт. Дайыма режимди туура сактоо менен жашап келе жатабыз. Тамак-ашты тандап жеп калдык, ал эми дарыны болсо жаныбызда алып жүрөбүз. Медиктер болсо көпчүлүккө барбагыла деп тыюу салышат. Эми адамбызда маска тагынып, антисептик колдонуу менен анда-санда барып калабыз.”
ФАПтагы күндүзгү стационар
Акылай Алмазбекова