2022-жылда президентибиздин жарлыгына ылайык ысырапкорчулукту токтотуу үчүн ар кандай иш чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Ошол себептерден улам айыл өкмөт тарабынан жылда өткөрүлүп келген иш чаралар өткөрүлбөй келүүдө.
Бирок, айылдын сыймыгы болгон кары адамдарыбызга көӊүл бурбай коюуга эч мүмкүн эмес. Аз да болсо карыларыбыздын көӊүлдөрүн көтөрүү максатында Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Бакыт Асанов өз үй-бүлөлүк бюджетинин эсебинен сыйлоону чечти. Айыл өкмөт башчы 1-октябрь күнү өзүнүн үй-бүлөсүнө таандык кафесине 80 кары адамга сый тамак уюуштуруп карыларды сыйлайт.











Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Гүлкайыр Осмоналиева