Кавасаки сымал синдром менен ооруган баланын биринчи дене табы 39 градустан жогору болот. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун курч респиратордук патология бөлүмүнүн башчысы Динара Кабаева Жамааттык Медианын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун курч респиратордук патология бөлүмүнүн башчысы Динара Кабаева
— Кавасаки сымал синдрому аныкталган балдардын абалы кандай?
— Биздин кардио-ревматология бөлүмүнүн маалыматы боюнча декабрдан баштап мындай диагноз менен 15 бала өткөн. Баардыгы жакшы болуп, ооруканадан чыкты. Биз дарылоону билебиз жана дарылоо боюнча протокол атайын чыгарылган. Негизи кавасаки оорусу 1960-жылдары эле белгилүү болгон. Азыр кездешип жаткан кавасаки эмес, кавасаки сымал синдром. Ал мульти системалуу болуп, бир гана орган эмес, бир канча орган ооруйт.
— Кавасаки сымал синдром эмнеден улам келип чыкты?
— Көпчүлүк бул ооруну сасык тумоодон кийин болот деп ойлоп жатат. Бирок, бул илдетти биз сөзсүз коронавирус менен байланыштырышыбыз керек. Биз аны кантип билебиз? Албетте, ПЦР анализ алып, канды текшеребиз. Ошондой эле денеге кичине эле бүдүрчөлөр чыкса кавасаки болду деп кайрылган ата-энелер бар. Бул оорунун дагы бир өзгөчөлүгү, биринчи дене табы 39 градустан жогору болот. Температураны парацетомол, антибиотик берүү менен дагы түшүрө албайт. Кавасаки сымал синдромдун биринчи белгиси – жогору болгон ден табы.
— Ошондой эле, пневмонияга кабылган балдардын көбөйүп жатканы айтылууда… Акыркы маалыматтар кандай?
— Азыр эл ичинде балдар пневмонияга көп кабылып жатат деген кептер болуп жатат. Эч кандай ызы-чуу болуунун кереги жок. Жыл сайын т.а күз, кыш, жаз мезгилинде балдар ушундай эле көрсөткүчтө пневмонияга туш болот. Коронавирус менен байланыштуу пневмония бизде катталган жок. Ошентсе дагы, биздин бөлүмдө жаткандардын бардыгынан ПЦР анализин алып жатабыз. Башында 14 баладан коронавирус аныкталган. Бирок, ал балдар жеңил эле айыкты. Азыр социалдык тармактарга ооруканада кезек көп болуп жатканын ата-энелер жазып жатат. Бул эпидемия башталганынан кабар бербейт. Азыркы учурда биздин борбор жалгыз гана балдарды кабыл алып жатат. Ал эми мурдагы жылдары төрт оорукана иштечү. Республикалык инфекциялык оорукана коронавируска жабылган. №3 балдар ооруканасы диареяга, Чүй облусттук инфекциялык оорукана гепатит менен иш алып барууда.
— Негизи пневмонияга жеткирбей, кайсы белгилер менен алдын-алса болот?
— Сасык тумоо – бул жугуштуу оору. Эл көп чогулган жерге барбагыла. Азыр балдарга арналган оюн-зоок борборлору көбөйдү. Ал жерге балдарын тыштап коюп, ата-энелер соода кылып жүрүшөт. Ал эми андай борборлор ичинде вентилациядан суук тийип калышы ыктымал. Ошол жерден дагы көбү ооруп келип жатат. Ошондой эле, биздин салтыбызда конокко көп барышат. Андай жерде балдарды өөп, кучакташат. Негизи, балага аяр мамиле кылуу керек. Үйдөн тердеп чыгып, эшикке чыгып үшүп калат. Ушул фактор ооруп калган балдар арасында көп кездешет. Ал эми пневмонияга өтүшүп кетпеши үчүн убагында догдурга кайрылуу керек. Себеби, канча эрте дарыласа, ошончо тез айыгат.
— Бүгүнкү күндө вирус менен бирге жашап жатабыз. Баланын иммунитетин кантип көтөрүү керек?
— Азыр иммунитетти витамин менен көтөрсө болот деген жаңылыш ой көп болуп жатат. Витаминдерди сөзсүз ичүү керек. Ал организмди колдоп турат. Ал эми иммунитет болсо, биздин мээбизге окшош. Бала төрөлүп, алгачкы вирус, бактериялар менен кездешкенде эле иммунитет чыгат. Себеби, бизде коргоо фактор болгон антитела бар. Ошолор баланын организминде иштеп баштайт. Кичинекей баланын иммунитети чоң кишиникине салыштырмалуу алсыз болот. Албетте, бала сөзсүз оорушу керек. Антпесе иммунитет пайда болбойт. Ал эми тез-тез ооруган баланын иммунитети төмөндөп баштайт. Биз мекептерде, бала бакчаларда көзөмөлдөөчү пункт болушу керек деп канча айтып жатабыз. Анткени, айрым ата-энелер ооруп жаткан балдарын бала бакчага калтырат. Ал туура эмес. Бала кичине эле чүчкүрүп, дене табы көтөрүлүп калса, көзөмөлдөөчү пункт баланы ата-энесине кайтарыш керек.
— Баланын коронавиус же пневмония болуп ооруп жатканын кантип айрмаласа болот?
— Муну биз да айырмалай албайбыз. Анткени, көп оорулар окшош жүрөт. Ошондуктан, бизге келген бардык балдардан ПЦР алып жатат. Аны алмайынча биз бул коронавирус же пневмония менен ооруп жатат деп айта албайбыз. Коронавиурс деле сасык тумоого окшош. Пневмонияда деле жөтөлүп, тез-тез дем алып, дене табы көтөрүлөт.
Калкты коркунучка салган илдеттер тууралуу билесизби?
Тесттен өтүңүз: Коронавирустан улам келип чыккан кризиске канчалык туруштук берүүдөсүз?
Касиет Кубанычбек кызы