Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдар окушат. Учурда 12 окуучу тигүүчү кесибин үйрөнүшүүдө. Бүгүн бул окуу жайда иштеген медайым Айчүрөк Байбосунова майып балдарга 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү боюнча маалымат берди.
№43 кесиптик окуу жайда «Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү» жыл сайын 1-декабрда белгиленет. Мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдарды тигүүчүлүк кесипке окуткан Нургүл Абылкасымова бул тема боюнча класстык саат өттү. Ден-соолуктун кадырын билген бул окуучулар, кызыгуу менен суроо жоопторду берип, активдүү катышышты. Алар өз алдынча даярдаган «Биз СПИДке каршыбыз» жана «Мен сени сүйөм өмүр» аттуу эки сценканы коюп беришти. Мааниси терең, мазмуну бар сценканы мугалимдер жамааты жогорку баада баалашты.
Нургүл Абылкасымова Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдарды тигүүчүлүк кесипке окутат. Сүрөттө СПИД күнүнө карата класстык саат өтүүдө
Айчүрөк Байбосунова лицейде көп жылдан бери медайым болуп эмгектенет. Ал буга чейин окучуларга СПИД боюнча маалымат бергенин айтты:
«Биздин лицейде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдар үчүн атайын кыска мөөнөттүк окутуулар бар. Бул окуучулар лицейдин жатаканасында жатып окушат. Ар биринде өзгөчө ачылбаган талант бар. Мына бүгүн өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп “Мен сени сүйөм өмүр” аттуу сценканы коюп беришти. Бул окуучуларга СПИД жөнүндө окуп бергенмин. Мына ошол лекциянын негизинде сценка даярдашкан. Мен окуучуларга жеткизе албаган ойду, кыскача маанилүү кылып ойношту».
Мугалим Нургүл Абылкасымова өзүнүн окуучулары тууралуу айтып берди:
«Менин тайпамда жалпы 10 окуучу бар. Баардыгы аракетчил окуучулар. Бул окуучулар ден-соолуктун кадырын билген боорукер келишет. Биздин колубуздан келбейт деп эч убакта айтышпайт. Берилген тапшырманы кызыгуу менен убагында аткарышат. Мына бүгүн дагы өз аракеттери менен даярданышты».
Эт кымбаттагандан бери Жаңы-Жер айылында мал уурулугу күч алды
Турсун Омуралиева