Бишкек шаарындагы Клооп медианын кеңсесинде, региондордон келген жамааттык радиолордун жетекчилери окутуу тренингине катышты. Мындан ары жер-жерлерде иштеп жаткан жамааттык радиолорго 4-5 жолу окуу өткөрүүсү күтүлүүдө,- дейт Клооп медианын кыргыз блогунун редактору Элмурат Аширалиев.
Бул тренингдин Баткен облусунан келген катышуучусу Бакытбек Сапаркуловдун билдиришинче, тренингге Баткен, Ыссык-Көл жана Нарын облустарындагы жамааттык радиолордун өкүлдөрү келген.
“Региондордо иштеп жаткан радиолор Бишкек шаарындагы “Клооп медиа” борборунда билимин жогорулатып тажрыйба алмашууда. Бул тренингге Баткен, Нарын жана Ыссык-Көл облустарынан жамааттык радиолордун жетекчилери катышууда. Өзгөчө жабдуулар менен иштөө кызыктуу болуп жатат”,- дейт Сапаркулов.
Аларга Клооп медиа борборунун жана Талас шаарындагы “Радиомосттун” журналисттери сабак өтүп, тажрыйбаларын бөлүштү.
Андан сырткары тренингге байкоочу катары америкадан келген жаш волонтер Дамир катышты.
“Мен Таластын Радиомостунан машина менен Самат жана Дастан болуп келдик. Тренинг жакшы деңгээлде жана уюшкандыкта өткөрүлдү”,- дейт волонтер Дамир.
Жамааттык радиолор өз ишин беш айдын ичинде жөнгө салса болот. Мындан ары жер-жерлерде жамааттык радиолор үчүн 4-5 жолу окутуулардын уюштурулуусу күтүлүүдө.
“Биз Клооп медиа борбору республикабыздын региондорунда иштеп жаткан жамааттык радиолорго жер-жерлерде окутууларды уюштуруп келгенбиз. Алдыда дагы 4-5 жолку окутуулар болуусу күтүлөт. Ошол аралыкта жаматтык радиолор жетиштүү билим алат деп ойлоймун. Бүгүнкү тренинг келечектеги окутуулардын алгачкы баскычы”,- деп Клооп медиа борборунун кыргыз кызматынын редактору Аширалиев Элмурат маалымдады.
Даярдаган: Мусуратилла Исканов.