1-май-Жаз жана Эмгек күнүнө карата Кочкор аймагындагы мекемелер кызматкерлер жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы жамааты айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштерине активдүү катышышты. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга Ормон Хан сейил паркында майрамдык концерт тартууланды.


Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баялы Досалиевдин демилгеси менен район аймагында кеңири маштабдагы жашылдандыруу иштери жүргүзүлүдө. Бүгүнкү иш-чарага бардык мамлекеттик мекемелер активдүү катышып, айлана-чөйрөнү көрктөндүүгө жана экологиялык абалды жакшыртууга салым кошушту.


Ар бир мекеме өзүнө тиешелүү аймактарды ирээтке келтирип, гүлдөрдү отургузушту. Өзгөчө район борборунун көркүн ачуу максатында борбордук көчөгө ар түрдүү гүлдөр отургузулуп, айлана-чөйрө дагы да көрктөндүрүлдү.

Жашылдандыруу иштеринен иш-чара майрамдык маанай менен улантылды. Райондук Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин окуучулары жана мугалимдери райондун тургундарына концерттик программа тартуулап, көрүүчүлөргө жакшы маанай белек кылышты. Концертте улуттук жана заманбап чыгармалар жаңырып, «Асел» бий тобу бийлерин көрсөтүп, катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынды.

Мындай иш-чаралар жаратылышты коргоо менен бирге коомчулуктун биримдигин бекемдеп, маданий турмушту да жандандырат.
Даярдандар: Мырзайым Төлөбекова, Аделина Туратбекова