Ысык-Көл районундагы Корумду айылынын жашоочусу 96 жаштагы тылдын ардагери Жумакан Абдрахманова менен жолугушту.
Ысык-Көл районундагы Карамолдо Орозов атындагы Корумду орто мектебинин алдында уюштурулган «Балдар үнү» жаш журналисттердин тобу тылдын ардагери Жумакан Абдрахманова менен жолугушуп аңгеме курушту. Бул аңгемелешүүдө тылдын ардагери Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
«Мен 1922-жылы кызматкердин үй-бүлөсүндө туулгам. 1930-жылы Караколго атам араба менен алып барып мектепке киргизген. 15 жашымда медициналык окуу жайына кирип, 1940-жылы бүтүрүп, Кадамжайдагы ПТУда иштегем. 1942-1944-жылдары согушта фельдшер болдум. 1944-жылдын февраль айында келе жаткан поездибиз жарылып, бардык документтерим жок болгон. Ушул жылы колго келип, турмушка чыктым. Андан кийин жоголгон документтер боюнча маалымат ала албай калгам. Азыр согуштун ардагери эмес, тылдын ардагери катары келе жатам».
Кызы Анара Ахмедова: «Атам Мукаш Ахмедов согуштун ардагери болгон. 96 жашында дүйнөдөн кайтты. Апам Жумакан Абдрахманова тылдын ардагери. 1944-жылы баш кошкон. Согуштун оор күндөрүн өз башынан кечиришкен. Апам азыркы күнгө чейин эртең менен көнүгүүлөрдү жасайт, дүкөнгө өзү барып келет, эшиктин алдындагы гүлдөрдү өстүрөт. Айылда тылдын ардагерлери саналуу гана калды. Мен апам менен дайыма сыймыктанып келем»,- деп билдирди.
Аңгемелешүүдөн кийин окуучулар Жумакан Абдрахманованын чарба жумуштарына жардам беришти.
Даярдагандар: Албина Акылбек кызы, Мейлихан Алмазбек кызы, Нуркыз Садатканова