26-декабрь күнү Кош-Булактын №9 мектеп гимназиясында Гапыр Мадаминовдун китептери жөнүндө маалымат берилүүдө. Китептердин негизги максаты жаштарды билимге тартуу, тарбиялоо жана эмгекке үйрөтүү. Семинарга мугалимдер, студенттер жана мектептин окуучулары катышат.
Семинардын катышуучуларынын бири кыргыз тили жана адабият мугалими Зийнатай Сапарованын пикири боюнча бул семинар кызыктуу деңгээлде жүрүп жатат. «Семинар жаштарга оң тасирин тийгизип, билим алууга үндөйт»,, дейт Зийнатай Сапарова.