(Сүрөттө Т. Марипов-Деканов көчөлөрүнүн кесилиши. Фондо 4 кабаттуу үйлөр)
Хиджаб кийген аялдар көбөйүүдө. Аруу кийинип, ыйманы менен Ислам дининин жолунда жүргөнү коомго да, үй-бүлөсүнө да жакшы. Бирок ушул сүрөттөгүдөй абалда кийинип алган жаран, массалык маалымат булактары аркылуу элге маалым болуп жаткандай, террористтердин катарына кыз-келиндердин кошулуусу көбөйүп жаткан мезгилде, сөзсүз ойлондурбай койбойт экен.
21- кылымдын кийими ушундайбы?
Сурамжылоо менен иликтеп көрсөк Кошбулактагы хиджаб кийген аял заттарынын бирөөсүнүн да жогорку теологиялык жана башка билими жок болуп чыкты. Жада калса атайын орто билими да жок экен. Бардыгынын мектепти бүткөндөн башка билими жок, курстан да өткөн эмес. Бирок кайсыл идеологиянын негизинде 39° С ысыкта ушундай кара кийим кийип жүргөнү ар кандай суроо жаратпай койбойт экен.???
Тууганы каза болгонбу? Караңгылыкпы? Же… Чындап Ислам жолуна түшкөнбү? Же модабы???
Кантсе да жергиликтүү молдо Курбанбектен кийимге коюлуучу талаптар жөнүндө сураганыбызда «эгер салттуу болгон улуттук кийимибизди кийсе деле шарияттын талабына толук жооп берет»-деп оюн билдирди. Анда эмесе ушул эле жаранды улуттук кийимде элестетип көрсөк:
Албетте ким кандай кийим кийүүнү өзү билет, бирок коом деген коом андан четтей албайсың.
Урматтуу замандаш кимде кандай пикир болсо Кошбулак мультимедия борборуна билдириңиздер. «Көп түкүрсө көл болот»- деген накыл сөз бекер калбаса керек.
Кабарчы: Б. Сапаркулов