Декабрь айынын башында Куланак айылынын ооруканасына жаңы заманбап медициналык жабдуулар келди. Оорукананын стацианардык бөлүмүнүн башчысы Майрам Кочуеванын айтымында, эл менен бирдикте жана дарыгерлердин аракети менен УЗИ аппараты сатылып алынды.
УЗИ аппаратына буйрутма берилгенине төрт ай болгон. Ал Германиянын Mindray фирмасынан чыгарылган. Толук портативдик аппаратты көтөрүп жүргөнгө ылайыктуу. “Бул аппараттын элге тийгизген таасири: биринчи бейтапты көрүп, аны изилдөөлөрдөн өткөрүп, анализдерин чыгарып, андан кийин жаткырганга туура келет”, — дейт Майрам Кочуева.
УЗИ аппараты жок учурда ооруну изилдөө үчүн 45 км алыстыкта жайгашкан Нарын шаарына барууга туура келчу. “Ал жакка барууга каражат керек. Айыл жери болгондуктан бизнес жок, элдин баары айлыкка, пенсияга, пасобияга көз каранды. Ошондуктан Нарынга кеткен жол кирени үнөмдөшөт”, — дейт оруукананын бөлүм башчысы. Азыр болсо Куланак айылында диагноз так коюга толук мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Жаңы келген аппаратты иштетүүгө бөлүм башчы адистигин жогорулатып келүүгө, окууга барарын айтып өттү. Облустук ооруканага караштуу болгондуктан, бардык жактан келип көрүнүшсө болоорун толуктады.
Айылдык ден соолук комитетинин мүчөсү Миргул Кожобекованын айтымында айылдын тургундары УЗИ аппарттынын келгенине аябай ыраазы. “Биз баары бир айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна ооруп барганыбызда, дарыгерлер бизди УЗИге Нарынга жиберишет. Ошондо Нарын шаарына барып келгенге 200 сом жол кире кетет. Андан коро 200 сомуң чөнтөктө калып, айыл ичиндеги УЗИге бардык органдарың менен өтүп алганын жакшы да. Пайдасы аябай зор”, — дейт Миргул Кожобекова.
Айыл тургуну Чынара Аттокурованын айтымында УЗИ аппараты келди дегенди угуп абдан кубанды. “Нарынга барып кезек күтүп акчамды коротуп, бир топ эле убара болчумун. Канча убакыт кетип жатат. Андан көрө айылдан текшерүүдөн өтсөң жакшы да. Бул аппараттын артыкчылыгы — оорунун алдын ала билуу”.
Жаңы келген заманбап медициналык жабдуулар Куланак айылына гана тиешелуу болбостон, Нарын обласунун тургундарынын дагы көйгөйүн чечет десек да болот.
Даярдагандар: Зулайка Мирлан кызы, Перизат Кубанычбекова, Альбина Болот кызы, Жылдыз Асанова.