А.Аралбаев орто мектебинде жер титирөөнүн алдын алуу боюнча областтык семинар болуп өттү.
Бул семинарга “Кызыл жарым ай” коомунан,өзгөчө кырдаалдардан,ооруканадан тез жардамдардан келип катышышты. Күтүлбөгөн табигый кырсыктар болуп кетсе,мектеп окуучулардын даярдыктарын билүү жана дагы кошумча маалымат берүү максатында болду.
Атайын үн берилип бир канча убакыт ичинде мектептен баардык окуучулар эшикке чыгууларын текшеришти.,Канча бала жабыркаганын,канча бала имаратта калганын такташып,баардык балдар бир жерге чогулушту.
Андан кийин жабыркаган балдарга nтез жардам келгиче,биринчи жардамды атайын айылда 15 кишиден түзүлгөн ыктыярду топ жардамын көрсөтүп жатышты.Бир нече убакытка жетпей тез жардам,өзгөчө кырдаалдар министрлиги келип жабырлануучуларга жардам көрсөтуп,ооруканага алып кетишти.
Атайын айыл тургундарынан тузүлгөн ыктыярлуу топ окуган билимдерин, иш жузүндө окуучуларга көрсөтуп беришти.
Бул иш чара 2 саатка созулуп,мектеп окуучуларына абдан чоң пайда берди.
Мындай иш чаралар ар дайым болуп турса,күтүлбөй келген кырсыкка ар бир окуучу, өзун кандай алып жүрүү керектигин толугу менен билишет.
Автор:Перизат Кубанычбекова,Зулайка Мирлан кызы
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка