Айыл түрө кыдырган тестиер балдар эшик каккылап «Улак берсең албаймын, убалына калбаймын. Акча берсен аламын, ак чөнтөккө саламын» деп үй ээлерин уялткан балдардын бирин кепке тарттык.
«Мен Айбеков Данияр, мага жарамазан айткан жагат. Таякемдикине эс алууга келгемин. Азыр ооз бекитип жаткандыктан, ооз ачылгандан кийин досторум менен жарамазан айтып жүрөм», — дейт 6-класстын окуучусу.
Жаңы досторду таап каникулду көңүлдүү өткөрүп жаткандыгын айтты.
«Куланак мага абдан жагат, досторум көп. Жарамазанды болсо 3-класстан бери айтам», — деди ал.
Ал эми айыл тургуну Калдарбек уулу Абай Жарамазан жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду.
«Жарамазан бул динде жок, салт боюнча айтып жүрүшөт . Негизи кыргыздын салты болуп калды. Мурун колунда жоктору жарамазанды байлардын үйлөрүнө айтышкан экен, орозо учурунда. Мен салтка каршы болбойм».
Жылына бир келуучу Рамазан айындагы жарамазандын көркүн чыгарган тестиер балдардын шагын сындырбай, колдорун кур узатпасак демекчимин.
Даярдаган: Айзат Туменбаева
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка