Бир жылда бир келүүчү мугалимдердин кесиптик майрамы Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде таң эрте салтанат менен башталды.
Мектеп окуучулары эртең мененки саат 7-30 дан баштап куттуктап, гүл жана куттуктоо кагаздарын тапшырышты.
Бүтүрүүчүлөр уюштурган чакан банкет жана концерт болуп өттү.
Андан сырткары «Көңүлдүү старт» деген аталыштагы эстафетамугалимдер арасында уюштурулду.
«Кесиптик майрамыбыз күтүлбөгөн сюрприздерден турду. 11-класстын окуучулары аябай жакшы даярданышыптыр, жогорку деңгээлде өттү. Өзүбүзгө көп энергия топтодук», — дейт кыргыз тил жана адабият мугалими Тоюнкүл Ашыралиева.
Мугалимдерди кесиптик күнүндө гана эстебестен, окуучулар эже-агайларын бүгүнкү күндөгүдөй кылып таң эрте тосуп алып турушса иштеринде ийгилик жаратаары бышык.
Мугалимдер, дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева
Сынак үчүн