Окуучулардын талантын өркүндөтүү максатында Нарын районуна караштуу Куланак өрөөнүнүн «Жаш талант-2014″ кароо-сынак фестивалы Учкун айылында болуп өттү. Куланак айылынан барган окуучулар алдыңкы орундарды багынтып, Нарын райондук фестивалга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.
Бул фестиваль Кыргыз Республикасынын гимни менен ачылып, сынактын калыстар тобу менен тааныштырылды.
Бул фестивалга беш айылдын таланттуу деген окуучулары тандалып, алар бий, сүрөт, Манас айтуу, ыр, кол өнөрчүлүк ж.б жанрлары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Өрөөн боюнча Куланак айылынын А. Аралбаев атындагы орто мектеби 1-орунга ээ болуп, райондук сынакка жолдомо алышты.
Манас айтуу боюнча Болот уулу Расул I орун
Ыр жанры боюнча Калдарбеков Улук I орун,
Бий жанры боюнча » Ак Марал» бийчилер тобу I орун,
Кол өнөрчүлүк боюнча Азат Кызы Айжаркын I орун,
Сүрөт жанры боюнча Мирбек уулу Шернар I орун.
«Мен бул кароо сынакка кол өнөрчүлүк боюнча келгем. Эки сааттык убакыттын ичинде кичинекей бөбөгүмө колго
токуп, бортоной түйдүм. Убакыт бар дешкенинен таш баканы, кутучаны токудум, калыстар туура баалап мага 1-орунду беришти. Мен абдан кубанычтамын, райондук сынакта да орун алганга аракет кылам»,-дейт 6-класстын окуучусу Айжаркын.
«Бул баланын таланты тубаса талант. Кудай буюрса 6-классты бүткөндө сүрөт искусствосу боюнча окуу жайга тапшырат»,- дейт Ишенаалы агай сүрөт боюнча биринчи орунду багындырган окуучусу Шернарды мактап.
Автор: Жазгул Кадыралиева, Дания Талгатбекова