Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Нышанов мектебинде Алымбек Датканын 200 жылдыгына карата куурчак жарманкеси болуп өттү. Бул куурчак жарманкеси окуучуларга жакшы таасирин тийгизгенин айтат.
Жарманкеге 4-класстан 8-класска чейинки окуучулар катышышты. Балдар жыгачтан 12 сантиметрден ашпаган куурчак жасашса, ал эми кыздар материалдардан, кийиздерден 20 сантиметрден ашпаган куурчак тигишкен. Эң жакшы деп табылган куурчакка сыйлык берилет.
Мектеп мугалими Гүлмайрам Ысмайылова Ноокат районунун билим берүү тарабынан буйрук берилгенин айтат.
«Алымбек датканын 200 жылдыгына карата тигилүүдө. Эң жакшы деген куурчак Ош облусунун балдар чыгармачылык борборунун кабинетине коюлат», — деди ал.
Окуучу Нурнуска Нурсейит кызы бул жарманкенин катышуучусу. Куурчак тиккенге аябай кызыгаарын айтат.
«Мен бул жарманкени укканда аябай сүйүндүм. Бизге бул жарманке аябай чоң мүңкүнчүлүк болду. Анткени өз чыгармачылыгыбызды көрсөтө алдык», — деди ал.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн