Кеңеш айылдык жергиликтүү кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги сессиясы болуп өттү. Ага 18 депутат, өкмөт башчы, башкы бухгалтер жана айыл башчылары катышышты.
Сессияда жалпысынан төрт маселе каралды: айылдык кеңештин бир жылдык иш планын бекитүү, айыл өкмөттүн 6 ай аралыгында аткарган иштери боюнча берилчү маалымат, 2022-жылга карата бюджеттин долбоору жана элден түшкөн ар түрдүү арыздар.
Отурумдун башында Кеңеш айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Абибилла Мадраимов 6 ай аралыгында аткарылган иштер боюнча отчет берди. Андан соң депутаттар ага суроолорун узатып, талкуу жүрдү.
Айылдык кеңештин төрагасы Орозбек Абдырахманов сессия тууралуу: “Бүгүнкү сессияда негизги маселелер каралды, айыл өкмөт баш болуп өкмөттүн 6 айлык жыйынтыгын айтып беришти. Андан сырткары, 3 топко бөлүнгөн депутаттардын комиссиясы бюджет, социалдык абал жана жер боюнча жалпы корутунду айтышты”-деп билдирди.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары сессиянын жүрүшү тууралуу өз ой-пикирлерин билдиришти:
Муса Пирманов: “Бюджеттин бөлүнүшү боюнча бухгалтер толук маалымат бере албады. Себеби, 6 айлык отчетто жылдын башында 17млн дегенден кийин 6 айда 7,5млн калыш керек эле… Ошондуктан, талаш-тартыш болуп кетти”.
Орозгүл Исабаева: “Бүгүнкү сессияда элдин бардык арызы, сунуштары каралып, аны бардык депутаттар колдоп бердик. Мурунку калып калган маселелерди да таштап койбостон аларды да кошуп бирге карадык”.
Арбын айылынын башчысы Канатбек Ибираим уулу сессия канааттандырарлык болгон жок дейт. Анын себеби катары ал суроолоруна толук жооп ала албагандыгын билдирди.
“Берилген суроолорду чечүү үчүн эч кандай аракет жок, бөлүнгөн бюджетти да туура пайдалана албай жатабыз”.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Аймончок Кожонова