Кызыл-Булак айылынын тургундары айылда бала бакча жоктугунан балдарын үстүнкү айылга жөнөтүүдө.
Айыл өкмөтүнүн орун басары Данияр Көчкөнов кийинки жылы эски мектептин имаратын бала бакча кылууну пландаштырып жатканын кабарлады.
«Надиров орто мектебинин жаңы имараты бүткөн болсо,эски имаратын бала бакчага ыңгайлаштырып кайрадан курабыз», — деди Көчкөнов.
Айыл тургуну Азат Маматов кызын үстүнкү айылга алып баргандыгын айтып, аралык узак болгондугун баса белгиледи.
«Мен үчүн биринчи кыйынчылык аралыктын алыстыгы», — деди Азат Маматов.
Мирлан Жолдошев айыл аймагындагы бала бакчаларда орундун жоктугунан уулун Кызыл- Кыя шаарына алып барууга аргасыз.
«Болгону айыл округубузда 3 бала бакча бар. Лимиттер толгон. Ашыкча орун жок. Ошол себептен Кызыл-Кыя шаарына жөнөтөмүн», — деди Жолдошев.
Сапар Бөйдөнов баланын өсүп жетилишине бала бакча өтө зарыл экендигин белгилеп өттү.
«Бала бакчага бергенде баланын аң сезими өсүп, кичине мектепке даяргерчилик болуп калаар деген үмүттө элек», — деди Бөйдөнов.
Авторлор: Бурулай Абдувалиева, Айчүрөк Медетбек кызы, Айбурул Таштемир кызы, Рысбек Маматов.