Кулатов айыл өкмөтүнүн борборунда жайгашкан Кызыл-Булак кыштагынын жашоочуларынан, айыл жетекчисинен быйыл эмне жумуш жасап беришин сураганыбызда, көпчүлүгү биринчи кезекте жол маселесин чечип берүүсүн айтышты. Бирок айрымдары айылда маданий-спорттук имараттардын жетишпестигин айтып, ага карата атайын максаттуу иш-чаралардын жүргүзүлүүсүн каалашкандыктарын билдиришти.
Төмөндө айыл тургундары менен болгон маектин айрымдарын сунуштайбыз.
Бегали Исраилов, Кулатов айылынын тургуну, айыл аксакалдар кеңешинин башчысы
Быйыл, Кудага шүгүр, ушул өкмөт болгондон бери айылда чоң өзгөрүш болду. Кыш келип калгандыктан жолду токтотуп турду, бүтпөй калган жагын быйыл бүтүрөм деп жатат.
Андан сырткары эскилиги жеткен жолдогу суу түтүктөрүн алмаштырды. Айыл өкмөттүн оңдоду – ичиндеги буюмдарды жаңылады, эски жумушчуларды иштен алып, жаңыларды койду. Элге кылган иши аябай чоң, көз тийбесин, азыр өтө эле жакшы.
Цемент заводдон түшкөн акча өтө чоң экен. Ошого өзү да кызыгып, жакшы пайдалуу иштерди жасап жатат.
Айыл өкмөткө сунушум – чоң жолдорду эле эмес, айылдын ичиндеги жолдорду да караса, айылга дарыканаларды ачса жакшы болот эле. Андан сырткары бала бакча салса, биздин айылды шаардык типке айландырып берсе дейм да. Себеби биздин айыл өкмөттүн бюджети ошол иш чараларга жетерлик.
Келип түшкөн акчаны ал жак, бул жакка чачпай, туура колдонгон болсо, элдин жашоо турмушу кыйла оңолуп калат эле.
Кулатов айылынан бир жигит спорт комплексин курду, бирок ичинде керектүү жабдыктар коюла элек, иштебей турат. Ушул комплекс ачылса, мына балдар көчөдө ичип-чегип жүргөндөр спорт менен алектенмек. Ушул нерсе курулса балдардын келечегине да жакшы болот эле.
Башарат Карабаеава, Кулатов айылынын тургуну, дарыгер
Айылдагы ооруканага, эң негизгиси, жугуштуу ылаңдар бөлмөсүн ачып берсе жакшы болот эле. Андан сырткары коридору аябай суук, ага жылытуу системасын орнотуш керек. Ооруканабыздын күнгөй бет жагы эле жылып, тескей тарабы кыш мезгилинде абдан суук. Анан тез жардам кызматын дем алышсыз, күнү-түнү 7/24 иштетип койсо абдан пайдалуу болмок. Азыр айылда тез жардам кечки бештен танкы сегизге чейин эле иштейт.
Зуура Абдыразакова, Кулатов айылынын жашоочусу, Айылдык ден-соолук комитетинин жетекчиси
Биздин жаш балдар бала бакча жоктугунан кыйналып жатат. Эң керектүүсү бизге – бала бакча куруп берсе дейт элем. Анан айылдын ичине кирген жолдор жаман болуп жатат. Жолду шагыл төгүп болсо да оңдоп берсе.
Эң эле элге керектүү нерсе айылда – бул мончо да. Ушул нерсени элге куруп берсе. Айылда иштебей турган бассейн бар, ошону оңдоп жаштарга иштетип берсе жакшы болот эле, себеби балдарыбыз каникул убагында арык-каналдарга барып түшөт.
Маданий жактан болсо, балдарыбыздын ичинде комуз, аккардеонго кызыккандар коп. Ошол боюнча атайын ийримдерди ачса. Андай нерселер айылда жок болгондуктан биздин балдар үйрөнө албай, таланттары ачылбай жатат. Элдин арасынан таланттууларды алып чыкса деген сунуштарым бар.
Абдиламит Исаков, Кулатов айылынын тургуну, дыйкан
Стадионду оңдоп, оюндарды уюштурса, алдынкы орундарга сыйлыктарды берип, жаштарды спротко тартса. Мына орто жаштагылар деле ичип, көчөдө олтургуча, спортко катышып, ден соолугуна да пайда болот эле.
Айыл өкмөттүн масштабындагы чоң спорт зал курса, кышында да балдар кирип машыгып, кечеси жаман жолдо жүрбөй, мини футбол ойноп, бир аз болсо да балдар спорт менен алек болот эле.
Анан айылдагы дыйканчылыкка токтоло кетсем, азыр эл дыйканчылыкты мурдагыга караганда таштап коюшту. Анткени комбайн жок, эл оргонго жетишпей калып жатат. Башка эгиндерди болсо кеткен каражаты түшүмүн актабай жатат, ошондуктан дыйкан-чарба менен алектенбей калышты.
Автор: Канболот Абылкасым уулу