Базар-Коргон районунда 23-май күнү райондук лицейлердин, мектептердин окуучулары катышкан жөө жүрүш өттү.
Акция Базар-Коргон районунун ички иштер бөлүмүнүн жетектөөсүндө «Кылмыштуулукка, зордук-зомбулукка каршыбыз», «Адам сатууга жол жок» деген ураандар менен жөө жүрүш Б.Осмонов көчөсүндө өткөрүлдү.
Жөө жүрүшкө Базар-Коргон районунун администрациясынын акиминин орун басары Замира Адышова, ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери, райондук прокурордун орун басары Аалыев Айбек, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы А. Тойчиевдер катышты.
«Бүгүнкү акция райондун мектептеринин, лицейлеринин окуучулары менен биргеликте өтүп жатат. Кылмыштуулука, зордук-зомбулука каршыбыз», «Адам сатууга жол жок» деген темада болуп, окуучулар азыркы күндө актуалдуу болуп жаткан көйгөйлүү маселени көтөрүп чыгышканы аябай жакшы. Жалпы элге, окуучуларга түшүндүрүү иштери жүрдү.»-деп билдирди акимдин орун басары Замира Адышова.
Окуучулар өздөрү тарткан сүрөттөрдү, ураандарды көтөрүп өз ойлорун сүрөттөн чагылдырышты. 


Жөө жүрүштөн соң борбордук аянтка келишип, ал жерде окуучуларга жана уюштуруучуларга каалоо, тилектер айтылды.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ