Тасма айылында кыргыздын спорт оюндарынын бири күрөш болуп өттү. Бул күрөшкө Тогузбай айылынан 12, Тасмада 7-8дей, Аралда 5-6, Сары- Дөбөдөн 4, Шатыдан келип катышышкан. Күрөшкө катышкан оюнчу өз атаандашын чалбастан, бутун тосо койбостон, “ ит жыгылыш “ болбостон, так көтөрүп чаап, далысын жерге тийгизүү керек.
Бул оюундун максаты, өтүшү жөнүндө кененирээк машыктыруучу Азамат Бөлөков төмөндөгүлөргө токтолду.
«Бул атайын Кыргыз Республикасынын законунда бекитилген жаш уландар арасында «Манас урпактары» деген атайын 13 спорттун түрү боюнча өткөрүлөт. Бул таймаштын максаты облусттук денгээлге ат салышууга даярдануу. Тандалмалуу ракон тибинде анан Каракол областык масштабда анан республикалык. Ошондуктан азыр райондук денгээлдеги кыргыз күрөш башталды азыр биз областка барчу катышуучуларды тандадык тандалгандар 6- апрелде барышат. Кызыккандар жылдан жылга көбөйүп жатат», — деп билдирди Бөлөков.
Бүгүнкү оюндун катышуучусу Тасма айылынын 11- классынын окучуусу Сүйүнбек Таалайбек уулу 1- орунду ээлеген.
«Бүгүнкү күрөштүн денгээли жакшы өттү, райондук деңгээлде болду. Бул жерден жеңгендер облуска барат. Мен 62-салмакта 1- орунду алдым эми облуска даярданам кудай буюрса ал жактан да жакшы жеништерге жетебиз деп ойлойм» — деди ал.
Кыргыз эли эзелтеден эле балбандарды даңазалап, алардын атын муундан муунга өткөрүшкө. Биз дагы балбандарыбызга ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова. Чынтурсун Турдуматов.