Кызыл-Туу айылы нечендеген таланттарды тарбиялап келе жатат. Алардын арасында маданият, адабият, спорт чеберлери арбын. Бул жолу эл аралык спорт чебери, Кыргыз республикасынын дзюдо боюнча бир нече жолку олимпиада чемпиону Нагира Сарбашеванын жараткан ийгиликтерин жазууну туура кɵрдүк.
Алгачкы ийгилигимди 2006-жылы жараттым
2006-жылы мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайга тапшырып, муну менен катар дзюдо менен машыга баштадым. Алгачкы ийгилигимди ошол эле жылы жаратып, Кыргыз Республикасынын чемпионатында 1-орунду багындырдым. 2008-жылы Казакстанда ɵткɵн эл аралык мелдеште 1-орунду ээледим. Кийинчерээк кыргыз күрɵшү менен машыгып 2013-жылы Бүткүл дүйнɵлүк универсиада 2-орунду алдым. 2015-жылы Казань шаарында ɵткɵн эл аралык мелдеште 1-орунду ээледим. Ошентип , Кыргыз Республикасында ɵткɵн мелдештердин 13 жолку чемпиону болдум.
Нагира айтканынан кайтпаган кыз эле
Эжеси Жанара Сарбашева:Нагира тынбай жасаган аракетинин улам ушундай бийиктикке жетип олтурат. Синдим бала кезинен эле спортчу болсом деп кыялданаар эле. Ошол кезде эле бир жумушту баштаса аягына чыгарып, айтканынан кайтпайт болчу. Мектепти аяктагандан кийин башка тармакты тандап кетти. Бирок, кыялдарын орундатуу үчүн спортту таштаган жок.Тынбай машыгып жүрүп, кɵп жеништерге жетти.Кыргыз желегин бир топ мамлекеттерде желбиретти.
Учурда Нагира Сарбашева жолдошу экɵɵ бир уулду тарбиялап жатышат. Белгиле кетсек, каарманыбыз Сокулук районуна караштуу Ысмайыл айылындагы Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектепти аяктаган.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова