Slow Food бул дүйнө жүзүнөн 150 өлкө курамына кирген уюм анын негизги максаты биоартүрдүүлүктү сактоо, анын философиясы адам жеп жаткан тамак таза, табигый жана даамдуу болуш керек.
Бул уюмдун башчысы Карло Петрини, ал эми Кыргызстанда бул уюмдун бир нече өкүлчүлүгү бар. «Мен Slow Food «Бишкек — Жер — Эне» конвивиумунун мүчөсүмүн. Италиянын Турин шаарында 2018 — жылы күз айында, Кыргызстандан көп делегаттар менен катышып келдим. Айта кетчү нерсе Slow Food ар ай сайын ар кандай багыттагы иш чараларды өткөрүп турат. Булар Жер күнү, Slowfish, Slowchees, Ашпозчулардын альянсы, Африка бакчалары жана башка ушул сыяктуу иш чаралар. Биз барган иш — чара Terra Madre деп аталат, эки жылда бир өткөрулөт.
Биз ал жака барып бир жума бою Кыргыздын каада — салтын, улуттук тамак ашын көрсөтүп бердик. Башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен тажрыйба алмаштык» — деп билдирди Сакенова Азиза. Slow Food уюмунун 2018 — жылкы иш чарасы дүйнө жүзүндөгү глобалдык көйгөй болгон климаттын өзгөрүшүн сактоо, уулу көмүр кычкыл газынын абага чачылышын кыскартуу болуп саналат. Учурда Сокулук районунун Кызыл — Туу айылынын тургуну Сакенова Азиза Италиянын Бра шаарында , Slowcheese атуу иш — чарага катышууда.
Тажрыйба алмашуу иш — чарасын «Туруктуу Өнүгүү Стратегия Институту» коомдук фонду каржылаган.
Даярдаган: Нурматова Айсулуу