Учурда өлкөбүздө өрүктөр бышып, кыш мезгилине карата өрүк ширесин даярдоо мезгили башталды. Жалпысынан бул жемиштин элүүдөй түрү белгилүү болсо, анын жыйырмага жакыны, «Кандек», «Курмайы», «Субхоны», «Мирсанжали», «Курсадык» сыяктуу түрлөрү мекенибизде өстүрүлүп келет.
Дарылык касиети
Биринчиден, ден- соолукка пайдалуулугун маалымдайлы. Өрүктү күнүмдүк жашообузда көп пайдалансак, адамдын жашы 10 жылга узарат. Өрүктүн адамдын ден соолугуна пайдасы зор. Бул жемиш сулуулукту сактап, терини жашартып, чачтын түбүн бекемдейт. Кан айлануусу начар, жүрөгү бир калыпта сокпогон, инфаркттан жапа чеккендерге өрүк жеп туруу сунушталат. Өрүктүн дагы бир касиети, ал жүрөк булчуңдарын бекемдеп, чарчоону тез жазат. Астма пристубун жумшартып, канды жана боорду тазалоочу касиетке ээ. Түрк медиктери көп жылдар бою изилдеп, жаңы жана кургатылган өрүк эркектер үчүн эң пайдалуу азык экенин айтып чыгышкан. Анткени бул жемиш потенцияны жогорулатуучу касиетке да ээ.
Кышкы убакытка өрүк ширесин сактоо ыкмасы
Керектелүүчү азыктар:
40 литр ширеге
Эң алгач өрүктү теректен күүп алсак болот. Андан кийин ар бир өрүктү тазалап жууп чыгуу зарыл. Чоң идишке өрүктүн дандарын салып, бир-бирден жууп, кайра таза суу менен чайкоо керек. Тазалап жууп алгандан кийин, дароо эле өрүктүн данектеринен ажыратабыз. Катуу урулуп калган же ичинде курт болгон дандарды алып салабыз.
Өрүктү даярдап алгандан кийин, кайнатуу үчүн идишибизди даярдайбыз. Биз даярдоо үчүн 120 литрлик тай казанды алдык.
Тазалап, ичин жуу зарыл, 40 литр сок кылуу үчүн 40 литр суу куйдук жана 4 чака орүк салдык. Андан кийин отту күчөтүп, казанды кайната баштайбыз. Түйүнө тартып кетпеш үчүн арлаштырып турууну унутпагыла.
Казан кайнап чыккандан кийин, ичиндеги өрүктөр ээзиле баштайт. Эгерде өрүктүн сорту катуу болсо анда көбүрөөк кайнатып, өзүбүз ичиндеги дандарды майдалообуз зарыл.
30 мүнөт жай отко кайнаткандан кийин, өрүк ээзилип калат. Дуршлаг менен өрүктүн сырткы кабыгын алып салабыз.
Тазаланган ширеге даамына жараша кумшекер кошулат. Эгерде өрүктүн даны таттуу болсо, кумшекер кошуунун кажети жок. Кумшекер казандын түйүндө калып калбаш үчүн, жай от менен жакшы аралаштырабыз.
Кумшекер эрип, ширебиз даамына киргенче, биз шишелүү идиштерибизди тазалап жууп, андан соң кайнак сууга 5 мүнөттөн кем эмес ичин стерилдөө керек. Ошол эле маалда, идиштерибиздин оозун жабуучу капкагын дагы кайнатабыз.
Даяр болгон ширени шишелүү идишибизге куюп, андан кийин капкагын атайын капкак жапкыч менен катуу жана абайлап жабабыз.
Өрүктөн калган сыртын, ботко боюнча кумшекерге аралаштырып, таза столдун үстүнө жайып как кылса болот.
Өрүктүн кагы минералдарга жана витаминдерге бай болот. Эгерде кумшекерсиз даярдасаңыз анда кант диабети менен ооруган инсандарга абдан пайдалуу жана коркунучу жок.
Ден соолугуңузга пайдалуу өрүк ширеси даяр болду.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова
Мыкты сүрөт сынагы үчүн