Мындан 15-20 жыл мурда башка параллелдик дүйнө болооруна эч ким ишенген эмес. Бирок аз убакыт ичинде жер шаарынын жарым эли башка дүйнө менен жашап келет. Ал дүйнө – интернет. Интернет – бул чексиз маалыматтын дүйнөсү. Көптөгөн адамдар ошол интернетке азгырылып, ошол коом кызыктуу, бирок калп дүйнөгө умтулуп, өзүнүн чыныгы жашоосун жоготуп келишет. Мындай адамдардын арасында окуучулар дагы четтөө эмес. Гаджеттерди көп колдонуп, интернетке баш-оту менен кирип, окууга көңүл бөлүүсү начарлаган учурлар коомубузда глобалдуу проблемалапдын бири десек болот.
Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде 2019-жыл – «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылына карата кыска метраждуу тасма тартуу боюнча 8-9-10-11-класстар арасында сынак жарыяланган. Сынакка окуучулар активдүү катышып, өз чеберчиликтери менен кино тартышкан. Сынактын уюштуруучусу, мектептин тарбия завучу Дөөлөтбеков Азамат: «2019-жыл — «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата ушул сынакты уюштурдум. Жалпысынан сынакка 13 класс катышты. Аталган сынакка катышу менен окуучулар бош убактыларын тура пайдаланууга, кылмыштуулукту болтурбоого, өз алдынча иш алып барууга уйронүштү. Окуучулар кино тартууга шыктанышты жана аларга эң мыкты таасир берди. Кудай буюрса алдыда мындан башка көптөгөн сынактарды уюштуралы деген алпндар бар» — деди. Сынактын жыйынтыгында баш байгени 8-в , 1-орунду 9-а, 2-орунду 8-г, ал эми 3-орунду 10-а классы камсыз кылышты.


Даярдаган: Курманбекова Фарида