Жакында Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кыз-келиндер арасында волейбол жана аркан тартыш боюнча райондук мелдеш уюштурулуп, ага жалпы беш команда катышты.
Ак-Талаа райондук дене-тарбия жана спорт боюнча инструктору Доктурбек уулу Уландын айтымында «Мелдешти уюштуруп, өткөрүүнүн максаты- кыз-келиндер арасында спортту кенири жайылтуу, сергек жашоого үндөө менен спортко болгон кызыгуусун арттыруу”,- дейт.
Мелдештин жобосуна ылайык, мелдешке катышкан командалар аркан тартыш жана волейбол оюндарында күч сынашты. Оюндун жүрүшүндө бардык командалар мыкты оюн көргөзүштү. Жыйынтыгында, спорттун эки түрү боюнча мелдеште 1-орунду Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы камсыз кылса, 2-орунга аялдар кеңешинин командасы чыкты. 3-орунга райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун командасы ээ болду. Жеңүүчүлөргө «Тынчтык» балдар бакчасынын жана уюштуруучулардын акчалай сыйлыктары тапшырылды.
Кыз-келиндер арасындагы спорттук мелдештин Өтмө кубогун жеңип алган Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин команадасынын капитаны Гулжаз Капарбек кызы:
“Мугалимдерден түзүлгөн эки команда бар. Кээде өз ара ойнойбуз. Бирок мындай мелдештерге курама келебиз. Анткени биринин жумушу бар, же биринин баласы кичине, айтор шарт ар кандай болуп калат. Бирок сөзсүз бир команда катышабыз. Күнүгө ойнобойбуз деле. Мелдеш болордо бир аз ойнойбуз”,- дейт.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова