Эргешов Талантбек Садыбаказович өзү тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
Мен 1971-жылы ош облусунун ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айылынын Кожо-арык айылында жарык көргөнмүн. Ж. Бөкөмбайев атындагы орто мектибин ийгиликтүү аяктап, ош мамлекеттик искуство университетин бүтүргөнмүн.
Чыгармачылык жаатында айтып кетсем, негизи биздин үйбүлө музыкага жакын. Мен 5-классымдан баштап чыгармачылыка кызыгуу жарата баштагам,ошол кезде эле гитара ойноп үйрөнүп бир топ конкурстарга катышып жүрдүм көптөгөн ийгиликтерге жетиштим.
Анан менден улуу бир эжем бар Гулшайыр Садыбаказова Кыз-Бурак тобунун жетекчиси аны баары эле тааныйт,ошо эжем менен тыгыз байланыштамын, Кыз-Бурак тобунун өсүшүнө кичине болсода салымымды кошуп келе жатам.
Кудайга шугур азыркы кезде Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн директору болуп иштеп келе жатам.
союз кезиндеги вокалдык инструменталдык ансамблин түзүп ошолордун бизге таасири өтө чоң болгон. Кудайга шугур азыр өзүбүздүн айылда да топ тузгөнбүз «Апшыр-Ата»тобу деп буйруса бул топту жогорку деңгелге чыгарсак деген ойубуз бар.
Андан сырткары өкмөттүн,айылдык кеңештин жардамы менен маданият үйүбүз толугу менен ремонттон өттү, өзүңүздөр көрүп турган инструменттер менен камсыз кылып беришти.
Биздин максат маданиятты өнүктүрүү жана жаштарды элдин алдына алып чыгуу-дейт Эргешов Талантбек Садыбаказович.
Даярдаган: Хансарбай Айбашов
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка