Базар-Коргор районунун Кызыл-Үңкүр айылында жашаган Зыйнат Алымкулова мугалимдик кесиби менен эле чектелип калбастан, китеп жазуу менен алектенет. Жадагалса анын айрым эмгектери жарык көрө баштады.
Зыйнат Алымкулова 1965-жылы Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Орток айылында жарык дүйнөгө келген.
Мектепти бүткөндөн кийин Пушкин атындагы атайын билим берүү орто окуу жайында окуп, башталгыч класстардын мугалими адистигин бүткөн. Андан кийин Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылына турмушка чыгып, ошол жердеги Алыкул Осмонов (азыркы Садык Ташиев) атындагы мектепте иштеп калган.
Андан кийин билимин өнүктүрүү үчүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинде кыргыз тили жана адабияты боюнча билим алган. Азыр ал мектепте кыргыз тил сабагынан берип келет.
Алимкулова өзүнүн чыгармалары тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
«Мен үчүн балдарга билим берүү — бакыт. Ошол менен бирге эле кээде ырларды жазып жүрчүмүн. Мен кээде эле мектепте ыр жазып бериңиз десе, жазып берип коёт болчум, китеп жазам деп ойлогон эмесмин. Жакынкы учурда китептерим жарык көрө баштады. Алар «Махабат сапары», «Мугалимге усулдук кеңеш» жана «Ырларым менин сырларым» аттуу китептерим жарык көрдү».
«Мен жакында дагы бир чыгарма жаза баштадым. Ошондой эле «Махабат сапары» деген китебиме бир аңгеме кошуп, басмадан чыгарып элдерге берем. Кайра-кайра эле сурап жатышат. Мен көптөгөн ардак граматаларды, сыйлыктарды алып сыйланып келем. Элиме айтаарым: ар дайым окугула!»
Автору: Нуркан Айдарбекова
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн