
Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө карата 31-август күнү Лейлек күрөшү боюнча Лейлектин биринчилиги өттү. Ага Бардык айылдын күрөшчүлөрү катышты. Демөөрчү Исфана шаар мериясы жана Лейлек районун акими Тилеберди Арипов.
Бул Лейлек күрөшү башка күрөштөрдөн айырмаланышы ал таза өтөт. Күрөш көбүнчө Лейлекте гана ойнолгондуктан Лейлек эли кызыгат.

Бул оюн Лейлектин үчүнү чемпиондугун аныктоо. Мурда атайын демөөрчүлөр чыгып унааларды койсо азыр андай болбой калды. Бул туралуу Лейлек районун акими Тилеберди Арипов билдирди.
“Бул күрөштө Лейлектин балбандары келип ат салышууда. Көбүнчө Ак-Суу, Маргун, Катыраң айылдарынан. Азыр жаш өспүрүмдөрдүн арасында Расул болду. Ал Ак-Суу айыл өкмөтүнөн келди,”- деп билдирди.
Лейлек күрөштүн атын булгабайлы деп элге кайрылган Исфана шаарынын мери буларды билдирди.
“Мына бул күрөштү таза, халал өткөрүш керек. Себеби кеебир балбандар чалып жыгытат. Ошондуктан балбандарга кайрыларым Лейлек күрөшүнүн атын булгабайлы,”- деп билдирди.
Күрөштү койгон Исфана мериясы. Лейлек районун акимчилигин атынан 10000миң сом.
Жаш өспүрүмдөрдүн арасында жеңишке жеткен Расул төмөнкүлөрдү билдирди:
“Мен азыр кичине балдардын арасында биринчи орунду алышымды билген эмесмин. Жеңишке жеткениме ар бир балбанды жыгытканыма өзүнчө сыйлык жана 1-орун үчүн 1000 сом берди,”- деп билдирди.
Даярдаган: Камбар Асан уулу