
Мергенчилик ресурстарын жɵнгɵ салуу жана коргоо боюнча Ош-Баткен облустар аралык башкармалыгынын Лейлек району боюнча инспектору болуп иштɵɵм райондун тоолуу, токойлуу аймактарын кыдырууга жана аны менен кеӊири таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Жергемдин кооз жайлоолорун, капчыгай, токойлорун ɵз кɵзүм менен кɵрүп, сулуулугуна суктанып, байлыгына машыркап сыймыктанганга акым бар экенин даана сезип, туйдум.
Миӊ тогуз жүз токсон сегизинчи жылдын күз айлары болчу. Айтылуу Карасаӊ мамлекеттик мергенчилик чарбасынын аймагын кыдырууга мергенчиликтин, жапайы жаныбарлар менен канаттуулардын абалын кɵзɵмɵлдɵɵгɵ барганбыз. Биз менен жол баштап, мергенчиликтин оош-кыйыш жагдайлары туурасында акыл-насааттарын айтып, карыя мергенчи Баулдук айтылуу Арстан мергендин уулу Заман ава да барган.
Кайыӊдуу капчыгайларды, аскалуу тоолорду кыдырдык. Тоо эчкилеринин канаттуулардын кɵбɵйгɵнүн айтып, кийинки жылдарда алардын корголушу боюнча бир топ жумуштар аткарылганын айтты ал киши. Ноолорду орнотуу, чɵп даярдоо, туз коюу жана башка биотехникалык чараларга ɵзү активдүү катышып жатканын кошумчалап, жергебиздин кооздугун, байлыгын сактоого ар кимдин үлүш кошуусу керектигин насаат кылды.
Сапар карып, кайра тарттык. Лайлиден Ашатка келип, Ак-Жардан Оромдун оозуна жетип ыйык жер болгон айтылуу Атайын-Баба капчыгайына бет алганыбызда түш ооп калган эле. Ага жете от жагып, чай кайнатып, бака-шака сɵз агытып отурдук.
Четиндин шиӊгилденген мɵмɵсү, долононун кып-кызыл жемиши кɵзгɵ сүйкүм кɵрүнɵт. Табиятка суктана отуруп «Биздин Лейлекте «Айгүл» ɵсɵт бекен?!» — деген суроо салдым отургандарга. «Жок болсо керек, ɵспɵсɵ керек» деп эле тим болушту. Бул сɵз ар кандай дарактардын, гүлдɵрдүн түрлɵрүн санап, самап шилекей агызгандан улам чыгып кетти…
Өр тартып, Баулга карап ашып барабыз. Ойлуу келе жаткан Заман ава үн катып: «Ушул Атайын-Бабада «Алгуй» деген үӊкүр бар.Сенин сурооӊ мени ойго салды. Абдизакир, бекер антип айтбаса керек. Бир башкача гүл ɵсɵт дешчү эле адамдар» — деп калды. «Эми аны кɵɵлɵмдɵ кɵрбɵсɵӊ, азыр аныктай албайбыз да, балким ошол «Айгүлдүр» деп чын эле кызыгуум артты.
Ошол жылы жаз келгенче ар кимден сурамжылып отуруп гүлдүн ɵӊүн, түзүлүшүн чын эле кызгалдактай кызыл экенин, ийилип гүлдɵй турганын билдим . Аны ошол Атайын-Бабада шайык болуп жүргөн Ботоян деген жигит сɵз кылганын уктум…
“Өлбөгөн жанга жаз келет” демекчи жаз да келди. Заман ава менен “Алгуй” үңкүрүнө келдик. Үңкүрдүн айланасындагы зоолордун арасында сабагында төрт-бештен кызгалдагы бар гүлдөр төрт-беш жерде өсүп турат. Мурда көрбөгөндөн кийин анын “Айгүл” экенин кайдан билейин. Чын эле адам суктана турган, гүл экен. Менде ошондо “Ушул Айгүл” деген ишенич пайда болду.
Ал кезде Дастанбек Бердиев Лейлек районунун акими болуп, Баткенден которулган убагы эле. “Бир билсе ошол киши билет” деген ой менен түп гүлдү үзүп алып, кечке жуук Атайын-Бабадан Исфанага жетип келдим. Саат бештен өтүп калган. Акимчиликте жалпы бөлүмдүн башчысы Усанов Умар акеге жолуктум. Акимди сурасам, “Саат жетиге келет” деди. Ал киши да Баткенде иштеп келген. “Тɵɵ кызгалдак көтөрүп алыпсың, тоодон келдиңби? – деди. “Бул Айгүл эмеспи” – дедим мен. “Айгүл мындай болбойт” деди ал киши.
Экөөбүз талашып тартышып турганбыз. Аңгыча Бердиев келип үчүнчү кабатка көтөрүлүп калды. Келип эле бизди көрө “Келиңиздер, эмне Баткенге бардыңыз беле Закирбек” – деп калды. Мен “Жок тоого бардым эле Атайын-Бабадан келдим” – дедим. “Айгүл көтөрүп алган экенсиз, ошонон улам айттым да” – деди. Ошондогу менин кубанычымды айтпаңыз. Демек “Лейлекте Айгүл өсөт экен” деген ишеничим бекемделди.

Сүйүнүч көкүрөккө сыйбайт. Дүйнөнүн беш эле өлкөсүндө өскөн гүл — “Айгүл” гүлү биздин Лейлекте да өсүп турса ким сүйүнбөсүн. Менин бул ишенчимди ошол кезде Ош-Баткен областтар аралык мергенчилик ресурстарын жөнгө салуу жана коргоо башкармалыгынын башчысы М. Курманалиев да гүлдөр энциклопедиясынан көргөзүп тастыктап, аны өзгөчө коргоого алуу керектигин баса белгилеген.
Лейлекте “Айгүл” гүлү ɵскɵнүн эки миӊинчи жылы тактап, аныктап жалпы элдик коргоого алдык. Ушул маселени акимчиликтин алдына коюп, атайын токтом менен жергиликтүү маанидеги корук уюштурулду. Лейлек районунун мамлекеттик админстрациясынын №87, 3-июнь 2002-жылкы буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, мамлекеттик ботаникалык заказниктин жер аянты, чектери белгиленип, аны бекитип берүү жагы Баткен областынын мамлекеттик админстрациясынан суралган. Ушул иштин андан ары уланбай калышы азырга дейре ойлонтот.
Азыркы күндɵ “Айгүл” гүлү ɵзүнүн аянтын кеӊейтип барат. Кызгалдактуу, кызыл китепке кирген ɵсүмдүктɵргɵ Баткен облусунун Лейлек районундагы Катраӊ айыл ɵкмɵтүнүн Атайын-Баба капчыгайында жыл сайын апрель айында адамдардын аягы үзүлбɵйт. “Айгүл” гүлүнɵ суктанган, аны кɵрүүнү самаган жана сагынган кары-жаштар, мектеп окуучулары ɵз мээримдерине алышып, коргошуп, кɵбɵйүшүнɵ шарт түзүп келе жатышат.
Лейлекте “Айгүл” гүлү ɵсɵт. Касиеттүү жерде ɵскɵн касиеттүү гүлгɵ кызыгуулар улам артууда. Анын даӊазасы алыска кетерине, эртеӊки күндɵ арбын саякатчылар келерине шек жок. Бул Лейлек элинин, аны таап, аныктаган менин сыймыгым. Илейим солуба “Айгүл”
Абдизакир Казаков
Кыргызстан журналисттер Кошунунун мүчɵсү.