Лейлекте «Ак таңдай-2015″ фестивалы 7-июнь күнү уюштурулду. Ага Кыргызстандын жети дубанынан келген акындар айтышты. Фестивалга жалпысынан 30 дай акын катышты. Айтыш Лейлек районунун «Тоо-Жайлоо» жайлоосундагы он бир үйдө өткөрүлдү. Бул жерде ар бир айыл аймагынын үйү бар.
Бул Сумбула айыл аймагынын үйү. Бул жерге акындар бир күн мурда келишкен. Сумбула айыл өкмөтү айтышка келген акындарды Бутоо жайлоосунда коноктоду. Ага белгилуу акындар Азамат Болгонбаев, сары кашка ат менен белгилуу Амантай Кутманалиев, Рахматула Козукеев, Полот Назаров, Ыдырыс Айтибаев жана башка акындар келди. Конокторду Сумбула айыл аймагынын башчысы Бекмуратов Баймурат жана жергиликтүү элдер тосуп алышты.
Даярдаган: Камбар Асан уулу