Кыргыз эли көчмөндүк менен кылым карытып, ат жалында ар кандай улуттук оюндарды урпактан-урпакка калтырып келет. Ата-бабаларыбыздан мурас катары калып, бүгүнкү ойнолуп келе жаткан ат оюндарыбыздын бири улак тартыш оюну. Ар бир кыргыз жигити өзүнүн шамдайгайлыгын, кыраакылыгын ат оюндарында көрсөтүп келет. Ушул жигиттик сапаттары шай келишкен жигиттерден Лейлек жергесинин Сумбула айыл өкмөтү дагы куру кол эместигин белгилеп, бүгүнкү маегибиз Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылынын тургуну Кенжебаев Жаныбек чабандес менен болмокчу.
Кенжебаев Жаныбек 15 жылдан бери улак тартыш оюну менен ат үстүндө ойноп келет. Ал райондук, облустук көк бөрү командасынын мүчөсү. Чуй, Талас, Ысык-Көл облустарында уюштурулган мелдештердин жеңүүчүсү. Коңшулаш Тажик, Өзбек республикаларынын улак тартыш оюндарынан чоң ийгликтерге жетишкен. Анын таптаган Карагер деген күлүгү бар.
Улак тартыш оюнуна кызыгуу кандайча башталды?
Улак тартыш оюну кыргыздын алдыңкы оюндарынын бири болгондуктан кызыгам. Мен Өзгөн, Бишкек, Ош, Талас Ысык-Көлгө барып ат чаап келдим. Оюндун шарты боюнча эки маара болот, бири ылдыйда, экинчиси өйдөдө болот. Ылдыйдагы маарага бир кой коюлса, өйдөңкүсүнө бир торпок коюлат. Ал эми ылдыйкысына эчки коюлса, өйдөңкүсүнө тай коюлат. Бизде ат чабуунун өзгөчөлүгү биз атты туш келди ары-бери чаппайбыз, аттарга катуу отурбайбыз, меймандарга сый урмат көрсөтүү менен Лейлек улак федерациясы белгилүү
Ата-бабаларыңыз ат чапкан беле, же өзүңүз эле кызыгып калдыңызбы?
Ата-тегибизде ат чапкан адамдар болгон, ага дагы байланыштуу десе болот.
Өзүңүз ат таптайсызбы, же даяр тапталган аттарды чабасызбы?
Өзүм дагы ат таптайм, даярдалган аттарды дагы чабам. Атты улакка даярдоонун тартиби, ыкмалары мындай болот. Бизде аттар 3 ай бою жайында эс алат, күн сууп күз мезгили келгенде биз улакка даярдап, суутуп баштайбыз. Эртең менен 4 саат, кечинде 4 саат аттарды бастырып, чуркаганга дем алууларын ачып, булчуңдарын чыңайбыз. Азыркы учурда аттарды даярдап жатабыз, бир айдан кийин улак тартыш оюндары башталат.
Таңкы алтыда жем, чөп сууларын беребиз дагы каңтарып коебуз. Тамак жегенден кийин 1 саат каңтарылып турат дагы, андан кийин ипподром методу менен өзүбүздүн машыктыруучу жайларга алып барып 1 айлампа айлантып бастырабыз, 2-айлампада жорттурабыз ал эми үчүнчү айлампада чаптырабыз. Биринчи күнү 1 км чабылса, экинчи күнү 2 км болуп уланып, 5 км ге чейин чаптырылат. Эгерде биз чаппай, бастырбай койсок ал ат улакка даяр эмес болот.
Лейлек районундагы улак тартыш оюну көбүнчө командалык типте эмес, аламан түрүндө ойнотулат. Улак тартыш оюну эл арасында балдарга сүннөт той берилгенде ойнотулат. Андан тышкары райондук масштабда оюндун жок болуп кетпөөсүн алдын алуу учун жана ат оюндарын өркүндөтүү үчүн Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы мекеме, ишканалар менен биргеликте жыл сайын 9-май күнү коңшулаш республикалардын катышуусунда улак оюну өткөрүлөт. Мындай майрамдарда ат үстүндө ойногон чабандестердин саны 500 дөн ашат.
Даярдаган: Джураев Абдираим.