Карантинге карабастан окуучулар онлайн аркылуу билим алып жатышты. Бирок ата-энелерде, мугалимдерде, окуучуларда көптөгөн кыйынчылыктар болгонун жана балдардын терең билим алуусуна көптөгөн тоскоолдуктар жаралганын айыл тургундары белгилешти.
Асан Сопиев орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Элзат Эсенгелдиева аралыктан окутуу боюнча маалыматын бөлүшө кетти:
«Дүйнө жүзүндө тараган илдеттен улам март айынын 16 сынан баштап, карантинге тарадык. Ошондон баштап онлайн окутуу башка айтканда аралыктан окутуу башталды. Кандай кырдаал болсо дагы биз ишибизди кылып, окуучуларга билимибизди беришибиз керек. Убагында тапшырмаларды берип, сабакты өтүп аттык. Балдар дагы тапшырмаларын аткарып турушту. Начарырак окуган окуучулар кайдыгер мамиле кылып жатышты. Алардын ата-энелери менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштери жүрүп жатты. Андан кийин ата-энелеринин жардамы менен аракеттенип окуп жатышты. Мурун өзүбүз мектепке барып өтүп, балдардын жанында сабак өтүп жаткан кез жакшы болчу. Түшкө чейин сабакты өтүп, тапшырмаларды берип, түштөн кийин кайра кайтарым байланыш кылып убакыт көп кетет экен онлайн окуганда. Онлайн түрүндө Республикадан, областан келип жаткан конкурстарга дагы катышып аттык. Үйдө кандай көйгөйлөр болбосун ага дагы карабай балдарыма билим берейин, балдарымдын билимин баалайын деген көкүрөктө ой болуп турат. Кыйынчылыктар көп болду. Аларды окуучулар менен бирге жеңдик. Жашоо турмушу оор балдарга, телефон, телефизору жокторго биздин айылдын жаштары, чет жакта иштеп жүргөндөр акча салып, телефон, телевизор алып берип, камсыз кылышты. Онлайн окуутуда ата-энелердин дагы эмгеги зор болду. Балдарына мурункудан да көбүрөөк жардам беришти. Кыйынчылык туудурган жери кээ бир үй бүлөлөрдө бештен окуучу окуйт. Телесабактырды кээ бирөөлөрү көрбөй калып түшүнүшпөй калып жатышты. Аларга кайра түшүндүрүп берилип атты. Кеч болсо да түн болсо дагы тапшырмаларды аткарып жатышты. Мектептен эле бири-бирибизди көрүп, тарбиябызды берип жүргөн эле кез жакшы экен».
Айыл тургуну Айнагүл Бакачиеванын айтуусунда «Карантин учурунда балдарыбыз онлайн окуп жатышты. Онлайн окуганда башында кыйналбай жакшы окуп жатышкан. Андан кийин кыйынчылыктар болуп атты. Ага дагы карабай тапшырмаларын аткарып турушту. Мугалимдер дагы сабагын өз убагында өтүп, тапшырмаларды берип, бааларын коюп жатышты. Мурун балдарым өз алдынча эле окушчу. Онлайн окуганда жардам берип аттым. Үйдө телефизор жок болчу, айылдын жаштары алып келип беришти. Айылдын жаштарына жана кандай кырдаал болбосун билимин берген мугалимдерге терең ыраазычылык билдирем»,- дейт айыл тургун.
Асан Сопиев орто мектебинин 3-классынын окуучусу Амина Жайлобаева карантин учурундагы күндөрү менен бөлүштү: «Биз карантин башталганы онлайн окуп баштадык. Башында баары эле жагып аткан. Андан кийин онлайн окуп тажап кеттим. Мектепке дагы баргым келди. Үйдө эле сабак окуп, кошумча китептерди окуп, телевизор көрүп, апама жардам берип эле жүрдүм. Карантин боло электе досторубуз менен чогулуп ойночук, алар менен кээде чогу сабак окучубуз. Карантинде үйдөн чыкпай калдык».
«Мен Чотурова Бактыгул Тасма айлынын тургуну, убагында Тасма айлында 40 жыл медик болуп иштегем, эски медик катары айтарым онлайн окутуу боюнча көз карашым, абдан эле туура эмес болуп жатат. Себеби көп балалуу үй-бүлөлөрдө телефондору жок болуп, бир үйдө эки үчтөн бала болуп калып окуган гана балдар окуп окубагандар окуй албай калышты. Мектепте жүргөндө балдар ар бир мугалимден бирден кеңеш укса да, ошону жүрөгүнө түйүп, балдарга жакшы таасир берип, аң сезимине көмөк болот эле. Анан эми бул да болсо ушул дүйнө жүзүндө болуп жаткан илдетке карышы болуп жатпайбы аягы жакшылык болсун деп ишенем, балдарыбыз мурункудай эле окугандан өтөөрү жок экен. Мектептин сүрү бар балдарга да жакшы болот эле. Көз карашым аралыктан окууга абдан эле терс болду бирок айла жок кырдаалга байланыштуу болуп жатпайбы.
Онлайн-бүтүрүүчү: Быйылкыдай мектепти бүтүрүүнү эч кимге каалабайм
Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева