Өлкөнүн өнүгүүсү шайлоодон, шайлоонун жыйынтыгы элдин медиа сабаттуулугунан көз каранды. Мындай пикирлерин Белек айылынын медиа сабаттуулук семинарына катышкан тургундары билдирди.
Белек айылында өткөрүлгөн медиа маалыматтык сабаттуулук семинары
Ушул жылдын апрель айында Сокулук районуна караштуу Белек айылында медиа маалыматтык сабаттуулук аталышындагы семинар болгон. Ага жергиликтүү тургундар катышып, сынчыл ой-жүгүртүү, фейк жана аны аныктоо, Баш мыйзам жана шайлоо тууралуу маалымат алышкан. Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Белек жамааттык мультимедиа борбору өткөргөн.
Белек айылынын тургуну Ильяс Эшматов Кыргызстанда өткөрүлүп келген шайлоолорго барып катышчу эмес. Бирок, апрель айынын башында Белек айылында болуп өткөн медиа маалыматтык сабаттуулук семинары анын шайлоого болгон көз-карашын өзгөртүүгө түрткү болгон.
Ильяс Эшматов
Ильяс Эшматов: “Ушул жылы семинардан кийин үй-бүлөм менен шайлоого барып, катыштым. Шайлоого барып катышуу — биздин атуулдук милдетибиз экен. Ошондой эле, мамлекетибиздин өнүгүшүн күтсөк, өзүбүз дагы татыктуу талапкерлерди тандашыбыз керек экен. Мурда мен шайлоого барсам эмне өзгөрүп кетмек эле деп ойлочумун. Өзгөрүүнүн бардыгы өзүбүз тандаган талапкерлерден көз-каранды экен”.
Белек айылындагы жалпы шайлоочулардын саны 850 адамды түзөт. 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 850 адамдын 300ү гана катышкан. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 10-январында КР президентин шайлоого келип катышкандар 450 адамды түзгөн. Белек айылынын №7249 шайлоо участогунун төрайымы Токтобүбү Жамгырчиева кийинки шайлоолордо элдин активдүүлүгү байкалды деп билдирди.
Токтобүбү Жамгырчиева:“Медиа сабаттуулукка арналган семинарларды көбүрөөк өткөрүү керек деген ойго келдим. Анткени, семинарда турмушубузга керектүү жөндөмдөр үйрөтүлдү. Ошондой эле жарандык милдетибизди туура аткардык деп айтсам жаңылышпайм. Анткени, мурунку шайлоолорго карганда жергиликтүү элдин шайлоого болгон көз-карашы өзгөрүп келет. Элдин активдүүлүгү байкалууда”.
Белек айылынын дагы бир тургуну Тойчубек Раимкулов семинарда Баш мыйзам тууралуу кеңири маалымат алдым дейт.
Тойчубек Раимкулов
Тойчубек Раимкулов: “Баш мыйзам тууралуу маалымат алып, өз укугубуз менен таааныштык десем болот. Ал мурда кандай болчу, эми кандай өзгөрдү, өлкөбүз үчүн жоопкерчилик кимде болот деген суроолорго жооп алдым. Семинар мага абдан пайдалуу болду. Ал эми маалыматты мурда гезиттен алсак, азыр интернет аркылуу алып жатпайбызбы. Медиа сабаттуулук багытында дагы билим алууга кызыкдар болуп калдым. Көп нерсеге маани бербей жүргөн экенмин. Мындай тренингдер көп өткөрүлүп турса дейм. Себеби, көз-карашыбызга, өзүбүздү өнүктүрүүгө абдан жакшы салымы бар экен”.
Белек айылындагы Аманкул Куттубаев атындагы орто мектеп медиа сабаттуулук иш-чараларын келе жаткан окуу жылында өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу аталган мектептин директору Айдай Аскарова билдирди.
Айдай Аскарова
Айдай Аскарова: “Азыр көпчүлүк социалдык медианы колдонушат жана медиа сабатсыздыктан туура эмес маалыматтарга ээ болуп, аны кайра таратып жатышат. Медиа сабаттуулукка арналган тренингдерди башка айылдарга жана окуучуларга жана башка топторго жайылтууну 2021-2022 окуу жылына пландап жатабыз. Белек айылында болгон медиа сабаттуулук семинарынан кийин ушундай чечимге келдик”.
Ар түрдүү булактардан алынган маалыматтардын фейк экендигин билбей, башкаларга таратып жаткан адамдардын көп экени ойлондурат деген мектеп директору Айдай Аскарова, маалыматты аныктоо жөндөмүнө ар бир адам ээ болсо дейт.
Элдин сабаттуулугун арттырууга багытталган мындай окутуулар Кыргызстандын 22 айыл-районунда март, апрель айларында болуп өткөн. Аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөн 22 жамааттык мультимедиа борборлору алгач, март айында Бишкекте окутуудан өтүшкөн. Окутууну Кыргызстандагы Интерньюс уюму уюштурган.
Касиет Кубанычбек кызы
Медиа сабаттуулук семинарынан жашообузга керектүү көндүмдөрдү үйрөндүк