2025-2026-окуу жылында “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин 7 дубандагы жана Ош, Бишкек шаарындагы лицейлеринде “Кыргыз тили – уча турган канатым, Адабият – айтып бүткүс санатым” аталышында Мамлекеттик тил айлыгы жарыяланган.

Мамлекеттик тил айлыгы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө”, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужол Жарлыктарын жана 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясын, Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын жетекчиликке алуу менен өткөрүлдү.


Ал эми тил айлыгынын жабылышы окуу мекемелерде 29-30-сентябрь күндөрү жогорку уюшкандыкта чоң салтанат менен лицей администрациясынын, мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин, белгилүү инсандардын катышуусунда жыйынтыкталды. Сентябрь ичи интеллектуалдык оюндар, улуттук оюндар, Манас айтуу, дубал гезиттер, видео сынактар, белгилүү инсандар менен жолугушуулар өткөрүлдү, илимий-чыгармачылык көргөзмөлөр уюштурулду.



Жеңүүчүлөргө ардак грамота, тастыктамалар менен бирге баалуу белектер тапшырылды.
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин
кыргыз тили жана адабияты (мамлекеттик тил) координатору Жеңишбек Абдиназаров