Жалпы билим берүү мекемелеринде өспүрүм кыздар менен иш алып баруу үчүн кыздар уюму уюшулат. Анда жалпы ишти көзөмөлдөө үчүн төрайым жана 5-11-класстын кыздары иш алып барышат. Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин кыздар уюму өспүрүм кыздарга колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн. Мында кыздарга ар тараптан өнүгүүгө багытталган тегерек столдор, семинар-тренингдер уюшулуп турат.
Акылай Алмазбекова