Тасма айылында «Нур Фм» жамааттык мултимедиа борборунда үн күчөткүчтүн жардамы менен «Мектеп рэкетин кантип токтотобуз» деген темеда түз эфир даярдалды. Уктуруунун коноктору: А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин социалдык педагогу Ороз Саадабаев, аймактык жаш өспүрүмдөд инспектору Жанадилов Аскен жана аталган мектептин 11-классынын окуучусу Сүйүнбек Таалайбек уулу болушту. Уктурууну алып барган «Нур ФМ» мультимедиа борборунун ыктыярчысы Абдылдаев Санжар болду.
Талкууда «Нур ФМ» жамааттык мултимедиа борборунун кабарчылары тарабынан «Мектеп рэкетин кантип токтобуз» аттуу суроого жүргүзүлгөн сурамжылоо уктурулду. Анда кээ бири баарыбыз бирдикте жойсок болот десе, башкалардын пикири боюнча, балдар жаап жашырып айтышпайт жаткандыктан жоюуга мүмкүн болбой калды деп билдиришкен.
Бул талкууда жаш инспектор балдарга: «Эгерде окуучулар рэкетчилик кылып кармалышса, алардын келечегине терс таасири тийип калат жогорку окуу жайга өткөндө кыйналышат»- деп эскертти. Мектептин социалдык мугалими Ороз Саадабаев: «Биздин мектепте рэкетчилик жокко эсе, же ачык байкалбайт. Негизи рэкетчиликти токтотууга болот башка айылдарда ар кандай жолдор менен жоюп жатышат.» -деп билдирди. Мектеп окуучусу Сүйүнбек Таалайбек уулу болсо: «Окучуулар эч кимге айтпай жаап жашыра беришет, ошондуктан токтотуу кыйын болуп жатат деп ойлойм» -деди ал.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.