Адам жашоосу, ден-соолугу үчүн маанилүү болгон дааратканалардын абалы канаттандыраарлык эмес. Өзгөчө айыл жериндеги мектептерде дагы деле болсо убактылуу салынган ажатканаларды колдонуп келишет. Адистер бул көп сөз кылынбаган көп маани берилбеген нерсе тескерисинче маанилүү экенин айтышат.
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун ден соолукту чыңдоо адиси Сагын Уезбаев учурда айылдардагы мектептердин дээрлик басымдуу бөлүгүнүн дааратканалары мурда убактылуу салынган бойдон калып жатканын айтып, бул санитардык талаптарга таптакыр туура келберин белгилейт. Талапка ылайык жооп бербеген дааратканалар жугуштуу ичеги карын жана мите курт ооруларынын жайылышына шарт түзөт.
“Мурда суу жок убактарда убактылуу деп салынган дааратканалар алиги күнгө чейин колдонулуп жатат. Эми алардын абалы өтө начар, бөлүнгөн эмес, тешиктери чоң арылдап шамал үйлөп турат, кол жууган жери жок. Мындай көрүнүш дээрлик өлкөнүн бардык аймагында бар. Учурда заман талабына жараша бизде кабыл алынган токтомдун негизинде деле имараттын ичинде таза, жарык, бөлүнгөн дааратканалар болуш керек.”
Ата-энелердин пикирлерине караганда алардын балдары мектепте дааратканага барууда кыйынчылык жаралат. Айрым окуучулар андагы жагымсыз жыттын же дагы башка шарттардын жоктугунан мектепте жүргөндө ажатканага барбайт. Айима Эсенбаеванын 2 кызы мектепте окуйт, алардын үй-бүлөсүндө дагы мындай маселе бар экенин мындайча айтып берет.
“Улуу кызым 3-класста кичүүсү 1-класста окушат. Алардын мектебиндеги ажаткана короосунда жайгашкан бөлүктөргө бөлүнбөгөн жалпы даараткана бар. Бирок, экөө тең ага барбайт. Эртең менен сабакка барарда суусундукту азыраак ичип үйгө келгенге чейин чыдап келишет. Биз деле баргыла деп мажбурлабайбыз анткени шарты начар экенин билебиз да. Албетте бул бизди ойлондурат.”
Сагын Уезбаев узак убакыт дааратканага барбай жүрүү зыян экенин айтып, ошондой эле айыл жериндеги шарты жок ажатканалардын айынан аялдарда суук тийип ар кандай оорулар пайда болорун белгилейт:
“Узак убакытка чейин дааратканага барбай жүрүү зыян. Заара деген өзүнө уу заттарды камтыган суюктук. Демек муну сөзсүз чыгаруу зарыл. Толуп калган заара кайра өйдө тээп бөйрөктүн иштешине терс таасирин тийгизет. Андыктан аны көпкө сактаганга болбойт. Ар кандай оорулардан сырткары бул баланын психикасына дагы терс таасирин тийгизип, өзүн-өзү баалоосун төмөндөтөт.”
Сагын Уезбаев учурда ар бир жаран, мектептерде администрация айыл өкмөт менен биргелешип бул маселени чечсе болорун белгилейт. Бул колдон келет болгону көңүл бурулбай кош көңүлдүк болуп жатат деген пикирде:
“Ар бир адам ойлонуп буга көңүл буруусу керек. Азыр муну ишке ашырганга бардык шарттар бар. Учурда бизде кеңири тараган короодогу чуңкур дааратканалар колдонулуп жаткан болсо талапка чылайык жыл сайын аны көмүп туруу керек. Жайкысын алар болуп көрбөгөндөй жагымсыз жыт берет. Муну чечүү үчүн азыр базарларда биоактиваторлор сатылат. 3 айга чейин табийгый жол менен дезинфекциялону аткарып турат. Ушул сыяктуу убактылуу болсо дагы чечүү жолдорун караштыруу зарыл.”
Активдүү жарандардын демилгеси менен дагы бул маселени чечкен мисалдар бар. Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын тургундарынан түзүлгөн демилгелүү топ мектептеги даараткананы оңдоп-түзөп окуучулардын билим алуусун камсыздашкан. Бул тууралуу демилгелүү топтун координатору Азиза Сакенова kyrgyzmedia.kg айтып берди.
«Баарыбызга белгилүү болгондой эле, бир гана биздин айыл аймакта эмес, жалпы республика боюнча мектептердеги дааратканалардын абалы абдан жан кейите турган шартта. Бул биздин миңдеген окуучулардын ден-соолугуна залакасын тийгизүү коркунучунда. Мындан улам, биздин демилгелүү топ “жигердүү жарандар” демилгесинин алкагында иш баштадык. Алгач, сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Анда дагы, көпчүлүк ата-энелер мектептин дааратканасын оңдоп-түзөп берсеңер деген пикирлерин билдирген. Мен биринчи кезекте ата-энемин. Ал мектепте менин балдарым дагы окуйт. Ата-эне катары мен дагы балдарым татыктуу билим алса экен, мектептин шарттары жакшы болсо экен тилектемин. Көп жерлерге барып көрүп жатабыз. Чет өлкөлүктөр балдарына, алар билим алган шартка маани беришип, аны түзүп дагы берип жатышат. Тилекке каршы, бизде мектеп дааратканалары мышык ыйлай турган абалда.»
«Жигердүү жарандар» тобу учурда мектепте суу начар болгондуктан насос алып беришкен. Ошондой эле жылуу суу менен камсыздашып, Суу 6 даараткана окуучулар үчүн, 2 даараткана мугалимдер үчүн жасалды. Ар биринде экиден кол жуучу жайлар ысык, муздак суусу менен орнотуп коюшкан.
Маселени ар түрдүү долбоор жазып дагы чечсе болот. Мисалы “Суу, санитария жана гигиена” долбоорунун алкагында өлкөнүн айрым мектептери заманбап дааратканаларды курдуруп алышкан.
Айгерим Кубатбекова