18-декабрь, Мигранттардын эл аралык күнүнө карата КР Улуттук банкы жана КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги эмгек мигранттардын бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган биргелешкен китепти чыгарышты.

Эл аралык миграция уюмунун изилдөөсүнө караганда, мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн 41 пайызы үчүн чет өлкөдөн которулган акча негизги киреше булагы болуп саналат. Адистердин айтымында жаңы чыккан окуу куралынын жардамы менен жарандар акча которуу үчүн банктык каналдарды коопсуз колдонгондон тышкары, финансылык туруктуулукка үйрөтүп, депозиттер жана аманат эсептер аркылуу “коопсуздук жаздыкчасын” түзгөндү биле алышат.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары А. Козубеков өз сөзүндө Улуттук банк финансылык сабаттуулукту жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп, аны жарандардын финансылык бакубаттуулугуна жана өлкөнүн финансылык туруктуулугуна жетишүүнүн ажырагыс бөлүгү катары карай турганын билдирди.

Эмгек, социалдык коопсуздук жана миграция министрлигинин адистери миграция тууралуу чечим тең салмактуу болушу керектигин баса белгилешти. Айтымдарында, адам алдын ала бардык оң жана терс жактарын баалап, бул маселени үй-бүлөсү менен талкуулап, Кыргызстанда эле калып, иштөө же өлкөнүн чегине чыгуу мүмкүнчүлүгүн таразалап чыгышы керек.
Окуу куралы төмөнкүлөргө жардам берет:
• Жолго чыкканга чейин эле карызга батып калбаш үчүн реалдуу чыгымдарды эсептеп чыгууга.
• Акчаны чогултуу үчүн ишенимдүү финансылык инструменттерди тандап алууга.
• Топтогон акчасы менен Кыргызстанда чакан жана орто бизнести ачууга.
«Пландоо жана үнөмдөө боюнча эң минималдуу көндүмдөрдүн өзү эмгек мигранттарына максаттарына тезирээк жетүүгө жардам берет. Андан тышкары, топтолгон каражаттарды мекенине кайткандан кийин бизнес ачууга багыттаса, адам өз өлкөсүндө жашап, иштеп, үй-бүлөсү жана балдары менен бирге боло алат», — деп белгиледи Миграция боюнча эл аралык уюмдун кеңсесинин башчысы Б. Молдобаева.
Билдирүүгө караганда бул демилге Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) каржылаган “Эмгек миграциясы программасы – Борбордук Азия” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Улуттук банк жана ЭСКММ Finsabat.kg сайтындагы материалдарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну жана модулдун материалдарын республиканын бардык аймактарында окуу программаларына жана маалыматтык өнөктүктөргө интеграциялоону пландап жатат.