Союз мезгилинде медициналык жардам бардык жарандарга кол жетерлик болуп, акысыз көрсөтүлүп келген. Акча төлөп дарылануу деген үч уктаса эч кимдин түшүнө кирген эмеc.
Бүгүнкү күндө ММКФ өз ишин жарандарга медициналдык жардамдын жеткиликтүү болушуна шарт түзүп жатабы?
Милдеттүү медициналык атайын камсыздандыруу полиси бар же болбосо жеңилдетилген дары-дармекти алууга укугу бар жарандар, дарыларды 50% чейин арзандатуу менен ала алышат. Рецептти жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгер жана ФАПтын башкы дарыгери жаза алат.
Жеңилдетип, атайын шартта берилүүчү дарылардын түрү 200 дөн ашык, бул атайын ММКФ тарабынан түзүлгөн (справочник) китепчеде көрсөтүлгөн. Бул китепче Кыргызстан боюнча баардык ооруканаларда жана дарыканаларда бар.
Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов