
Нагоя протоколу жаңы эл аралык келишим болуп саналат. Түпкү (жергиликтүү) элдердин адилеттүү түрдө пайда табуусунун укугу. Келишимдин башында пайда табууну салттык билимди көрсөтүүнүн бир шарты жана алар менен байланышкан генетикалык ресурстарды белгилөө.
Протоколдун тарыхы
2002-жылы Туруктуу ѳнүктүрүү боюнча бүткүл дүйнѳлүк саммитте ѳкмѳттѳр генетикалык ресурстарды пайдалануудан пайдаларды адилет жана теӊдеш негизде биргелешип пайдаланууну колдоонун эл аралык режими жѳнүндѳ сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүүгѳ чараларды кѳрүүгѳ чакырышкан.
2004-жылы Биологиялык ар түрдүүлүк жѳнүндѳ конвенциянын алкагында уюштурулган Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүк жана пайдаларды биргелешип пайдалануу боюнча атайын жумушчу топко генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жана пайдаларды биргелешип пайдаланууну жѳнгѳ салуунун эл аралык режими жѳнүндѳ сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүү тапшырылган. Сүйлѳшүүлѳр алты жыл жүргѳн жана Нагояда (Япония) 2010-жылдын 29-октябрында Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жана аларды колдонуудан пайдаларды адилет жана теӊдеш негизде биргелешип пайдаланууну жѳнгѳ салуунун Нагоя протоколун кабыл алууга алып келген.
- Протоколго ылайык, пайданы адилеттүү жана калыс бөлүштүрүүгө катышып, биринчи кезекте, өз ара макулдашылган шарттарды негизинде жүргүзүлүшү керек. Нагоя протоколу жергиликтүү элдер үчүн өтө маанилүү болуп саналат.
- Бүгүнкү күндө ¾ дары колдонулган. Дары изилдөөчүлөрдүн назарына алар салттуу дары колдонулган, анткени ингредиенттер келген болчу. Бул генетикалык ресурстар менен байланышкан салттуу билимдерди жана пайдалануу, аларды пайдаланууга компаниялар менен абдан чоң пайда алып келет, илим ээлерин гана эмес, бул ачык эле көрүнүп турат.
- Фармацевтикалык ѳнѳр жай: жандуу организмдер тарабынан жаратылышта ѳндүрүлүүчү химиялык кошулмалар жана заттар дарыларды ѳндүрүүдѳ маанилүү ролду ойноону улантышууда жана чоӊ фармацевтикалык компаниялардын натыйжасына олуттуу салым кошууда
- Айыл чарбасындагы биотехнология: дан эгиндерин, түшүмдү жана ѳсүмдүктѳрдү коргоо үчүн иштеп чыгуулар үчүн. Ресурстардын негизги ѳсүмдүктѳрдү ѳстүрүүнүн сапатын жана ѳндүрүмдүүлүгүн жогорулатуучу каситеттери ири дан компанияларынын ишинин олуттуу багыты болуп саналат
- Ѳнѳр жайлык биотехнология: ѳнѳр жайдын текстиль, химия, тамак-аш, тоют жана башка түрлѳрүндѳ ферменттер чыгарылуу продукциянын, ошондой эле ѳндүрүш процесстеринин натыйжалуулугун жана сапатынжогорулатуу үчүн пайдаланылат
- Нагоя Протоколго ылайык, пайданы адилеттүү жана калыс бөлүштүрүүгө катышып, биринчи кезекте, өз ара макулдашылган шарттарды негизинде жүргүзүлүшү керек. Биотурдуулук жонундогу Конвенцияны бузгандар жазаланышы керек. Дүйнө жүзүндөгу жергиликтуу элдер жана жергиликтүү жамааттар, тупкулуктуу элдердин алдын ала макулдашуулардын негизинде милдеттүү түрдө салттуу билимдерди пайдалануусу маанилуу.
- Нагоя протоколунун аракет чѳйрѳсүнѳ генетикалык ресурстар жана генетикалык ресурстар менен байланышкан салттуу билимдер, ошондой эле аларды пайдалануудан Бул принциптердин негизинде генетикалык ресурстарды пайдалануучулар тарабынан ресурска жеткиликтүүлүктү жүзѳгѳ ашырганга жана ѳз ара макулдашылган шарттарда ал ресурсту пайдаланууну жүзѳгѳ ашырганга чейин генетикалык ресурс болгон ѳлкѳнүн алдын-ала негизделген макулдугу менен алуу жатат.
- Мындай макулдашуу ресурсту колдонуудан пайдаларды берүүчү менен биргелешип пайдалануу зарылчылыгын камтыйт. Экинчи жагынан, генетикалык ресурстарды берүүчүлѳр катары чыгышкан ѳлкѳлѳр ѳздѳрүнүн генетикалык ресурстарына жеткиликтүүлүктүн адилет жана дикриминациялык эмес эрежелерин жана процедураларын камсыз кылууга тийиш.
- Бүгүнкү күнгө чейин, Кыргызстанда табигый балуулуктарды колдонуу практикасы өнүгө элек, бирок ал өзгөрүп эл аралык-укуктук стандарттарга ээ. Мисалы, 2013-жылы октябрда, генетикалык ресурстарды жана анын азыктарын өндүрүү үчүн жергиликтуу элдер менен «Жашыл косметика» компаниясынын окулдорунун жолугушусунда салттуу билимдерди пайдалануу менен Нагоя Протоколдун алкагында жергиликтуу элдердин жана ишканалардын мындан аркы өз ара кызматташуунун келечегин талкуулашкан.
- Жергиликтүү элдердин катышуусу менен, келишимдерди түзүү жолу жана кийинки компаниялардын кызыгуусун, жаңы эрежелери менен өз ара макулдашууларга чакырган. Азыркы учурда генетикалык ресурстарды адилеттуу жана калыс бөлүштүрүү жана пайданы бирге коруудо жергиликтуу элдер ар кандай кыйынчылыктар менен күрөшүп жатат. Мындан улам бир нече компаниялар пайда алуу жана «жүзүн сактап» калуу учун пакетин жазып түшүнүп, буюмдун наркын жогорулата турган, «Бул курал жергиликтүү элдердин салттуу билимди пайдалануу менен жасалган», ж.б. деген тушундурмо.
- жергиликтүү элдер генетикалык ресурстарды колдонууда алынган пайданын жоктугу;
- Билим ээлеринин макулдуудулугу жок эле салттуу билимдерди жана аларга байланышкан генетикалык ресурстарды пайдалануу.
- түрдүү тараптар кызыкчылыктардын кагылышуусу (мисалы; жергиликтүү ыйык жерде генетикалык ресурстар жайгашкан болсо);
- Мекендеген жергиликтүү элдердин укугун таануу жоктугу (мисалы, кадимки укук)
- Салттуу билимдерди уурдоо;
Генетикалык ресурстарды колдонуунун пайдалуу жактары:
- Изилдоолордун жыйынтыктарын биргеликте колдонуу жана генетикалык ресурстардын негизинде иштеп чыгуу.
- Технологияларды биргеликте колдонуу жана жабдууларды коюу.
- Жер астындагы байлыктарды пайдаланууну болуштуруу.
Нагоя протоколу жамааттык протоколдорду, генетикалык ресурстар менен байланышкан салттуу билимдерге жеткиликтүүлүккѳ тиешелүү салттуу билимдерге жана аларды колдонуудан пайдаларды биргелешип пайдаланууга байланышкан ѳз ара макулдашылган шарттар жана типтүү келишимдик жоболор үчүн минималдуу талаптарды иштеп чыгууну колдоо менен салттуу билимдерди жайылтууга жана түрткү берүүгѳ да колдонууну камсыз кылат.
Даярдаган: Нургул Толобек кызы
728