Динара Ашранбек кызы эки уулу менен жакынкы айылдардын бирине туугандарына жардамдашканы барган. Апасы Динара үйдө жардам берип жүргөн кезде кичинекей балдары сыртка ойногону чыгып кетишкен. Бул окуя Динаранын балдарынын бири кудуктагы сууга түшүп кетүүсү менен аяктаган.
Динара Ашранбек кызы Нарын районуна караштуу Ат-Башы ГЭС айылынын тургуну. Ал 24-ноябрда төрт жашар баласы Марлен жана үч жашар баласы Руслан менен Учкун айылына барган.
Динара үйдө жардамдашып жүргөндө улуу баласы Марлен иниси менен сыртка ойногону чыгып кеткен.
Бир топ убакыт өткөндөн кийин кичинекей уулу Руслан агасынын кудуктагы сууга түшүп кеткендигин айтып келген.
“Кийинки уулум [агасынын] сууга түшүп кеткенин айтып келди. Келсем, суунун ичинде жок экен. Кайра үйгө барып айтсам, кайнагам келип суунун түбүнөн алып чыкты. Балам эсин жоготкон, ичи көпкөн абалда болчу”,-деп айтып берди Динара Ашранбек кызы.
Тилекке жараша ошол жерде Куланак айылынын дарыгери да болуп, Марлендин жашоосун сактап калууга жардам берди, дейт Динара Ашранбек кызы.
“Куланактын ооруканасында иштеген Назгүл Чүкүшова деген эже биринчи жардамды берди. Айылдын ФАПына алып барып ийне сайды. Андан соң Нарындын реанимациясына алып барышты”,-деди Ашранбек кызы.
Марлен суудан чыккандан он мүнөттөн кийин дем алып, көгөрүп кеткен денеси ийне сайгандан кийин кайра калыбына келе баштаган.
Нарын райондук ооруканасында бир апта жаткан соң, аны Бишкекке жиберишкен.
Учурда ал Бишкек шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып чыгып, азыр абалы жакшы.
Автор: Бекболот Рахатбек уулу