Аталган долбоордун алкагында айылдагы Э. Токсобаев орто мектебинде ыктыярчылар үчүн тренингдер өткөрүлдү. Тренинг үн күнгө созулду.
Тренингдин жүрүшүндө маалымат чогултуу, маалымат таратуу жана журналисттин этикасы, видео тасма тартуу жана монтаждоо ыкмалары сыяктуу багыттарда сабактар өтүлдү.
Аны Нарын облустук телерадио компаниясынан келген журналист тренерлер Жыпара жана Лариса айымдар жана оператор, монтаж адистери өткөрүштү.
Тренингдин жүрүшүндө волонтерлер теориялык маалыматтардан сырткары практика жүзүндө мектепти жылытуу проблемалары, айылдагы таза суу проблемалары, маданий блок боюнча сюжеттерди даярдап презентациялашты.
Волонтерлердун басымдуу бөлүгүн мектеп окуучулары түзүп, тренингдин мазмунуна болгон кызыгуу абдан жогору болду.
Тренингдин жыйынтыгында даярдалган видео материалдар Нарын облустук телерадио компаниясына сунуштап туруу чечими кабыл алынды.
Кийинки эле эки күндүн ичинде практика катары волонтерлор Э.Токсобаев атындагы орто мектеби тууралуу “Мыкты мектеп-2013” деген видео сюжетти даярдашты.
Автору: Эшбаев Алмаз жана Нурбек кызы Бүбүсина