


Ноокат районунун окуучулары Ташкенттеги менталдык арифметика боюнча олимпиадага катышып, ийгиликтер менен кайтышты. Жалпы 14 окуучу барышты. Менталдык арифметика «Ташкент олимпиадасына жалпы 600 дөн ашуун окуучу катышууга мүкүнчүлүк алган. Бул окуучулар аймактык , райондук турлардын жеңүүчүлөрү барууга жолдомо алышты. Олимпиадисттерин арасынан Жанибекова Алина Т.Айбашев атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучу «Чемпион»болду.

1-орунду Т.Айбашев атындагы орто мектептин 2-классынын окуучусу Бегалиева Асема жана Камчыбекова Мээримгүлдөр ээлешти.2-орунду Базарбаев Шабдан жана Айбашева Альбиналар багындырышты.3-орунду Адылбек уулу Адахан, Камчыев Алманбет, Акжол кызы Малика, Таштемирова Мадина,4-места Мадалиева Гүлиза, Адахан, Нуртилек, Байэл, Оксаналар ээлешти. Барган окуучулар куруу кол кайтпай баары ийгиликтер менен кайтышты. Барган окуучуларды жетектеп барган Ноокат районунун менталдык арифметика боюнча батыш зоонасынын директору Сатыева Аймира эжеке. Андан сырткары 4 мугалим, 4 ата-эне коштоп барышты. Олимпиадага катышуудан сырткары Ташкент жана Самарканд шаарларын айланып, тамаша кылууга жетишити. Барган окуучулар ата-энелерине белек бечкектерди Самарканд шаарынан ала келишти. Жеңүүчүлөрдү Мектеп жетекчилиги жана ата-энелер тобу Кызыл-Кыя шаарынан букет гул грамоталар менен күтүп алышты. Андан сырткары Кулатов айыл өкмөт башчысы Мадимаров Нуридин жана айыл өкмөт башчысынын орун басары Көчкөнов Данияр агалар жылуу күтүп алышып айыл өкмөт башчысыны кабинетин аларга ыраазычылык билдирип , келечек ээлери болгон жеңүүчүлөргө ийгиликтерди каалады .Алар менен Кулатовдун эстелигинин алдында эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.
Даярдаган: Жалалова Таңнуру